Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Ош: жокко чыгарылган мандаттар, таасир талаш


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-июлда Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышкан "Биздин Кыргызстан" партиясына берилген добуштарды жараксыз деп таап, партияны шайлоодон четтетти. Партия муну "саясий чечим" деп сыпаттап, Жогорку сотко кайрыларын билдирди. 

Ишкер Айбек, Нурбек Осмоновдор түзгөн партиянын шайлоодон четтетилип калышын алдыдагы мэр шайлоого байлагандар да бар. "Биздин Кыргызстан" партиясынын шайлоодон алынып салыныша дагы кандай жагдайлар таасир этиши мүмкүн?

Боршайкомдун чечими

Борбордук шайлоо комиссиясынын 26-июлдагы отурумунда арыздарды караган жумушчу тобу “Биздин Кыргызстан” партиясын тизмеден чыгарууга талапкерлердин добуш сатып алууга аралашканы себеп болгонун билдирди.


«Укук коргоо органдарынан "Биздин Кыргызстан" партиясына тиешелүү маалыматтарды кабыл алып, жумушчу топ «Биздин Кыргызстан» партиясын каттоону жокко чыгарууну жана Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 15-июлдагы чечимин "Биздин Кыргызстандын" тизмеден чыкканын эске алуу менен бекитип берүүнүү сунуштайт», — деди БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Медина Кутбердиева.

Ошондой эле арыздарды караган жумушчу топ Ош шаардык кеңешине болгон шайлоону "Биздин Кыргызстан" партиясынын шайлоодон четтетилгенин эске алуу менен өттү деп табууну сунуштаган. Жыйынтыгында сунушка БШКнын мүчөлүрүнүн дээрлик баары макул болуп, кабыл алып беришти.

"Биздин Кыргызстан" партиясы алары күтүлүп жаткан 15 мандат эми башка партияларга бөлүштүрүлмөкчү. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча “Ата-Журт Кыргызстан” – 19, “Биздин Кыргызстан” – 15, “Улуттар Биримдиги” – 7, “Бир Бол” – 4 мандат алмак болгон.

Саясий чечимби?

Ал арада «Биздин Кыргызстан» партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Боршайкомдун чечимин "адилетсиздик" деп сыпаттап, сотко кайрыла турганын "Фейсбук" баракчасына жазды.

Айбек Осмонов.
Айбек Осмонов.

"Кыргыз Республикасынын мыйзамы жеке эле “Биздин Кыргызстан” партиясына гана иштейби? Бул кандай адилетсиздик! Эмне үчүн далилсиз эле мындай кадамга барышат? Өткөндө ушул боюнча билдирүү жазган элем. Эми калайык-калкка деле кашкайып чындык көрүнүп турбайбы. Бул эмне деген шумдук! Эми биз сотко кайрылууга мажбурбуз. Эгер биздин мыйзамдуу өлкөдө жашап жатканыбыз анык болсо, адилеттүү чечим чыгарып берет деп ишенем! Дагы кайталап кетейин, мыйзам баарыбызга бирдей иштесин", - деп жазды эл өкүлү.

27-июль күнү партиянын Оштогу мүчөлөрү журналисттерге маалымат жыйын уюштуруп, президент Садыр Жапаровго, Жогорку сотко кайрылып алардын ишин мыйзамдуу карап берүүсүн суранышты.

Саясий партиянын лидери Медербек Абдыманапов Боршайком негиз кылган мыйзам бузууларды далилсиз деп эсептейт. Анын айтымында, сотко жөнөтүлгөн жалгыз гана мыйзам бузуу бар. Ал боюнча да азырынча чечим чыга элек.

Медербек Абдыманапов.
Медербек Абдыманапов.

«Борбордук шайлоо комиссиясынын кечээги жыйынын карасаңыздар, ал жерде бир да конкреттүү далил жок. Биздин дарегибизге беш иш катталып, далилдердин жетишсиздигинен кыскарып кеткен. Боршайком аны эске алган жок. Юристтерибиз документтерди Жогорку сотко даярдап жатат. 21 миңден ашуун шайлоочуларыбыздын добушун коргоп, мандаттарыбызды алабыз. Президент, Жогорку сот саясий мотивдерди эске алуу менен адилеттүү чечим чыгарып берет деп ишенебиз».

Деген менен шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков бул партияга тиешелүү жети маалымат келип, алардын төртөө кыскарып, үчөө сотко жөнөтүлгөнүн айтууда.

«Шайлоого чейин жана шайлоо учурунда аталган партияга жети маалымат келген. Аны текшерүүдө төртөө далилденбегенине байланыштуу кыскартылган. Калган үчөө боюнча сотко чейинки териштирүү аяктап, кароого жөнөтүлгөн. Жакынкы күндөрү Ош шаардык соту тиешелүү чечимин чыгарат. Шайлоо учурунда жалпысынан 50 маалымат катталган».

Мэрдин ордуна болгон күрөш

Маалымат жыйында партиянын өкүлдөрү алардын дарегине каралоо күч болуп жатканын, шайлоодон четтетүүгө кызыктар тараптар бар экенин айтышты. Алардын аттарын атаган жок, бирок атаандаш партиялар менен жергиликтүү бийлик сестенип ушундай кадамга барышы ыктымалдуулугун билдиришти.

«Биздин Кыргызстан» партиясы — 2020-жылдын ноябрында жаңыдан түзүлүп, анын лидери Айбек Осмонов деп көрсөтүлгөн. Айбек жана Нурбек Осмоновдор ишкер катары таанымал.

Партиянын мүчөлөрү журналисттерге маалымат жыйын уюштуруп жатат. 27-июль, 2021-жыл.
Партиянын мүчөлөрү журналисттерге маалымат жыйын уюштуруп жатат. 27-июль, 2021-жыл.

Шаардык кеңешке шайлоо өнөктүгүндө партия жетиштүү мандат алып келсе, ага-ини Осмоновдордун бири мэрликке талапкерлигин койору айтылган. Партия мүчөлөрү бул маалыматты четке какты.

«Коркконго кош көрүнөт болуп, күчтүү келе жатканда ар кандай ойлор келип кетиши мүмкүн. Бирок андай максаттар да, партиянын чечими да болгон эмес. Биз биринчи кезекте шайлоодон утуп чыгышыбыз керек болчу», — деди партиянын өкүлү Медербек Абдыманапов.

11-июл күнү добуш берүүгө келген Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов да «Азаттык» радиосунун суроосуна жооп берип жатып шайлоодон кийин кайрадан мэр болуп келүү ниети бар экенин айткан.

Чоң саясий окуянын башталышы

Бир канча күн мурда Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов президенттин айланасындагыларга нааразы экенин билдирген. Ал мындай маанидеги кайрылуусун "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, учурда артынан адам салуу, коркутуу-үркүтүү, адилетсиз кадамдар уланып жатканын кыйыткан.

Жарандык активист Акылай Каримова акыркы окуяларды бийлик талашуунун башталышы катары баалады.

Акылай Каримова.
Акылай Каримова.

""Биздин Кыргызстан" президенттин макулдугу менен шайлоого катышып жаткан күндө да кандайдыр бир күчтөрдүн, мисалы "Ата-Журт Кыргызстандын" таасирине кабылышы ыктымал. Себеби азыр президент менен УКМКнын башчысынын ортосунда мамиле сууп баратат деген сөз тарап жаткан кез. "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын колдоочулары "Биздин Кыргызстанды" четтетип койду деген доомат таң калтырбайт. Анткени, азыр саясий өнүгүү ар кайсы нукка бурулуп кетиши мүмкүн".

Бул окуя Каримова айтып өткөндөй, президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин саясий тандемине байланыштуу талкуу күчүнө кирип турган учурга туш келди.

Ош шаардык кеңешинде 45 мандат бар. Тизмесине эң көп мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди топтогон, бийликчил партия деп саналган "Ата-Журт Кыргызстандан" кийинки орунду ээлеген "Биздин Кыргызстан" партиясы 15 мандатынан ажырагандан кийин мандаттар кайра каралды. Ага ылайык, “Ата-Журт Кыргызстан” – 20, “Улуттар Биримдиги” – 17, “Бир Бол” – 8 мандат алат.

Кыргызстанда быйыл 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо чоң шаарлардагы добуш берүү талаш-тартыш менен коштолгон. Добуш берүүнүн жыйынтыгына байланыштуу нааразылыктардан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо жокко чыгарылган. Муну жаңы бийликтин таза шайлоо өткөрүү ниети катары кабыл алгандар да болгон.

Саясатчы Адил Турдукуловдун пикиринде, "Биздин Кыргызстан" бийликчил партиянын позициясын бекемдөө үчүн шайлоодон четтетилди.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

"Жергиликтүү кеңештерге шайлоо болгондо добуштарды массалык сатып алуулар болгон. Кайра өткөн шайлоодо дагы кайталанды. Экөөнүн айырмасын деле көргөн жокмун. Ал эми "Биздин Кыргызстанды" четтетүү тандалма, саясий чечим болду деген ойдомун. Добуштарды ар бир партия сатып алган. Керек болсо админресурс да колдонулган. Ошондуктан бийликчил партиянын позициясын бекемдөө аракети катары кабыл алсак болот. Парламенттик шайлоодон, альтернативалык, олигархиялык партияларды четтетүү аракети катары көрүнүп жатат".

“Биздин Кыргызстан” 11-июлда Бишкек шаардык кеңешиндеги кайра шайлоого да катышып, бирок босого чектен өтө алган эмес.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоо үчүн 40 миллион сомго жакын каражат сарпталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG