Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Талкууга түшкөн Жапаров-Ташиев тандеми


Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев. Социалдык тармакта тараган сүрөт.
Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев. Социалдык тармакта тараган сүрөт.

Президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин бейрасмий сүрөтү социалдык тармактарда талкуу жаратты. Мунун алдында эки саясатчынын достугуна байланыштуу ар кандай күдүк ой, түрдүү божомол күчөй баштаган эле.

Бул жагдай кыргыз саясатындагы "достук", "тандем" сыяктуу көрүнүштөрдү, алардын эмне менен аяктаганын эске салды.

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин жанаша, суу жээгинде отурган сүрөттөрүн алгач журналист Өткүрбек Рахманов "Фейсбуктагы" "Камчыбек Ташиев" аттуу баракчага жүктөгөн. Анда "Ырыс алды ынтымак" деп аталган постко эки саясатчынын баракчалары кошо тиркелген. Сүрөттөрдү Жапаровдун верификациядан өткөн баракчасы дагы бөлүшкөн.

"Алгач жаңы жылдан кийин президент менен УКМКнын төрагасына байланыштуу таасир талаш, достук мамилесинин бузулганы тууралуу сөздөр, ушак-айың кеп тараган болчу. Бирок ал көп оозго алынбай, коомго сиңген эмес, жалган экени бат эле билинип калган. Эми эки-үч күндөн бери ушундай ушак-айыңды ачык айткандар пайда болуп калды. Бул кайсы бир саясий топтун атайын жүрүшү экени көрүнүп калды. Президент менен УКМКнын төрагасынын "мамилеси бузулду" деп ушак чыгарып, ушундай коомдук пикир жаратып, саясий туруксуздукту көздөп, кандайдыр бир саясий жүрүштөрдү жасаганга шарт түзүп жатышы мүмкүн. Саясий кырдаалды курчуткусу келген ички дагы, сырткы дагы күчтөр бар. Экөөнүн ортосунда мамиле тууралуу ушак кеп чыгарып, өздөрүнө ыңгайлуу жүрүш жасаганга пайдаланып, мурунку ыкма катары колдонуп жаткан болушу мүмкүн",- деди журналист.

Айрым бир маалыматтарга караганда, сүрөт быйыл жазында "Ала-Арчада" тартылган.

Ушул тушта социалдык тармактарда Жапаров менен Ташиевдин колдоочулары, алардын тарапташтарынын топтору эки саясатчынын достугу тууралуу билдирүүлөрдү, сүрөт-видеолорду байма-бай жарыялап жатат.

Мунун алдында эки саясатчы тууралуу экс-министр Тилек Токтогазиев "Фейсбуктагы" баракчасына билдирүү жазган. Анда мамлекеттик башкаруудагы баш-аламандыкка жол бербөө үчүн эки достун бири саясаттан кетиши керектигин билдирген.

Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

"Кыргыз саясатында ар кандай тандем болгон, достукту деле көргөнбүз. Эгер алар достугун сактагысы келсе, анда ошол эки достун бирөө саясаттан кетиши керек. Азыр бийликте эки борбор пайда болуп калды, эки борбордо өз-өзүнчө чечимдер кабыл алынып, кээде бири-бирине каршы чечимдер болуп калып жатат. Жакында мен ишкерлер менен сүйлөшкөм. Президент мисалы, ишкерлерди "колдош керек, аларга тийбей жакшы шарттарды түзүп бериш керек" деп айтат. УКМКнын кызматкерлери болсо кысым-басымды күчөтүп жатат. Ошондуктан ишкерлер чөйрөсү деле кимге ишенерин билбей калды. Илгертен "эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" деп айтылгандай, бул жерде президент "баарын мен чечем" деп так айтып, чечимдер ал айткандай аткарылышы керек же болбосо ордун бошотуп берип, "Ташиев мени убагында президент кылган, эми өзү келип башкарсын" деп айтышы керек. Экөөнүн бирөө саясаттан кетүүгө тийиш".

Жапаров менен Ташиевдин мамилеси тууралуу сөздөр УКМКга караштуу Антикоррупциялык кызмат жоюлганда да козголгон. Өткөн аптада Жогорку Кеңеште "Министрлер кабинети тууралуу" мыйзам долбоору талкууланып жатканда депутат Жанарбек Акаев бул документти бийлик, таасир талашуу менен байланыштырган.

Жанарбек Акаев
Жанарбек Акаев

"УКМК азыр каалаган министрин, акимин камап атат. Бул мыйзамда президент “УКМК менин уруксатым жок камай албайт” деп жазып атат. Керек болсо акимдер да президенттин уруксаты менен камалат экен. Системага карап эмес, адамга, бийликте турган эки кишиге карап мыйзам жазылып атат. “Баланчаев баарын камап атат, эми мындан ары ал камай албайт. Камаш үчүн Түкүнчеевден уруксат алыш керек” деп жазышууда. Мыйзамдын түпкү маңызы ушул".

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев эки саясатчынын мамилеси тууралуу сөз кылгандарды сындады.

"Эки кишинин мамилесин мамлекеттик маселе катары алып чыккан болбойт. Бизде кош бийлик деген жок. Тескерисинче, буга чейин кош бийлик бар болчу, мен кыйынмын деген алты партия, төрт партия бар болчу. Биз болсо бир бийлик, жоопкерчиликтүү бийлик болсун деп айттык. Мамлекеттик деңгээлдеги маселе көтөрүлүп жатса бир жөн. Эки кишинин ортосундагы мамиле башка. Мен Жанар Акаевди жакшы тааныйм. Эгерде бир нерсе айтса анда аны жазбайбы, бир концепция беришпейби. Азыр бизде айрым адамдар сындоо жагынан гана адис болуп калышты. Сын сөзсүз болушу керек, мен дагы сынды кабыл алам, өзүм дагы сын айтам. Бирок сындагандан кийин бир нерсе бериши керек да. Мен Конституциялык кеңешмеге катышкандан кийин кимдин ким экени тууралуу көзүм ачылды десем болот. Мен чынында сындап жүргөндөрдөн сунушун күткөм. Бирок алар курулай эле сын менен чектелишти".


Жапаров менен Ташиев алар "кыл чайнаган кыйышпас достор" экенин бир канча жолу билдиришкен. Деген менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ишенбай Кадырбеков саясаттагы буга чейинки тандем, биригүүлөрдөн сабак алуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

"Саясатта "достук" деген түшүнүк жок. Саясатка дос-жакын болуп келип, кийин кызыкчылыктары бирдей болбой калса кандай гана маселе болбосун ал андан ары жыла албай калат. Көпчүлүк саясатчылардын, бийликке келгендердин катасы - бул өз кишилерин, дос-жакындарын тегерегине топтоп алганы. "Өзүмдүкү, өзүмдүн кишилерим" деген саясат жүргүзүү - бул чоң ката. Муну Акаевден, Бакиевден жана Атамбаевден көрдүк. Эң жакын адамдары, тегерегиндеги партиялаш кишилер дегендердин баары караманча канча бурулуп, башка тарапка өтүп кеткен учурларды көргөнбүз".

Кыргыз саясатында узакка созулбаган бир катар тандем, достук мамилелер орун алган. Алгач Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов бириккен, бирок бул биригүүнүн өмүрү кыска болгон. Андан кийин Бакиев менен Атамбаев саясатта бир экенин жарыялаганы менен узакка созулган эмес. Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун достугу бири-бирин айыптоо, адам өлүмү менен аяктаган тополоң, камоо менен аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG