Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:49

Ташиевдин эскертүүсү, коомдун сыны


Камчыбек Ташиев камакта жатканда митингге чыккан тарапташтары. 2012-жыл.
Камчыбек Ташиев камакта жатканда митингге чыккан тарапташтары. 2012-жыл.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин “президентти жамандап жаткандар "кара тизмеге" алынып жатканы" тууралуу сөзү коомчулуктун сынына кабылды. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары муну сөз эркиндигине басым катары баалашты.

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев 8-июлда маалымат жыйынын өткөрүп, анда мамлекетти башкарып жаткандарды далилсиз жамандагандар кайсы бир күнү жоопко тартыларын эскертти.

Ал Кыргызстанда “саясий экстремизм” биринчи планга чыгып, коом радикалдашып баратканын айтты.

“Интернетте өлкө башчысын, дагы башка кызмат адамдарын жамандап, далилсиз каралап жаткандар кайсы бир күнү жоопко тартылат. Мен учурдан пайдаланып аларга эскертип коеюн, биз ар бириңерди тизмектеп, белгилеп жатабыз. Биздин өлкөдө жана чет өлкөдө жүргөндөрдү дагы. Азыр башка мамлекеттер менен аларды алып келүү үчүн келишим түзүп жатабыз. Ошондуктан урматтуу жарандар, токтогула! Коомду радикалдаштырууга, деструктивдүү кыймылга түртүп кереги жок. Мунун арты кайгылуу аякташы мүмкүн. Жогорку Кеңештин бир депутаты парламентте "Орхан Инанды үчүн жооп бересиңер!" деп кыйкырып жатат. Баарыбыз жооп беребиз, ошонун ичинде силер дагы мыйзамсыз чакырыктар үчүн жооп бересиңер. Азыр биринчи планга “саясий экстремизм” чыкты. Айрым саясатчылар чогулуп алып “күзүндө шайлоо болот, андан кийин төңкөрүш болот" деп жатат. Эч кандай революция болбойт. Биз, азыркы бийлик, элдик бийлик революцияга эч качан жол бербейбиз. Андан көрө революциясы жок эле өзүбүз кетип калабыз".

Депутаттардын жообу

Камчыбек Ташиевдин эскертүүсү “Сапат” билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандыны Түркиянын чалгын кызматы уурдап кеткендигине байланыштуу бийликке сын күчөгөн маалга туура келди.

7-июлда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында бир канча депутат Инандынын уурдалганы үчүн өлкө жетекчилерин сынга алып, парламент күч түзүмдөрүнүн жоопкерчилигин кароо тууралуу токтом кабыл алган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев атайын кызматтын башчысынын эскертүүсүн Конституцияга каршы аракет катары баалады.

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

“Камчыбек Ташиев Баш мыйзамдан чыгып сүйлөдү. Жогорку Кеңештин депутаттары айткан сөзү үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. Мындай сөз мурдагы бийликтердин тушунда дагы далай айтылган. Баары түрмөгө батпайт. Кризис болуп жатат, коронавирус күчөдү, азык-түлүк кымбаттады. Анан эл бийликти сындайт да. Же баары жакшы деп отура береби? Элдин оозун тыйганча чек араны, экономиканы ойлосо болмок”.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко "Фейсбуктагы" баракчасына “биздин өлкөдө элди коркута албайсың” деп жазды.

“Тажрыйбалуу саясатчы Камчыбек Ташиевдин ушундай сөздөрдү айтканы өкүнүчтүү. Элди, жалпыга маалымдоо каражаттарын, блогерлерди жана саясатчыларды коркутуу биздин өлкөдө мүмкүн эмес. Буга чейин дагы аракет кылышкан. Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана анын туугандары, балдары, Атамбаев, Жээнбеков баарыбыздын эсибизде”, - деп жазды Никитенко.

7-июлдагы парламент жыйынында "Орхан Инандынын уурдалышы үчүн өлкө жетекчилери эртели-кеч жооп бересиңер" деген депутат Жанарбек Акаев атайын кызматтын жетекчисине "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу мындай жооп берди.

"Кыргызстанда ызы-чуу, тополоң болушун эч ким каалабайт, баарыбызга бейпил турмуш, тынч жашоо керек. Бирок "диктатор болом", "калыстыктан таям" жана "коркутуп, камап башкарам" дегендер терең жаңылышат. Саясатка келдиңби сынга, ачууга чыдаш керек экен. Жетекчи болгондорго бул милдет он эсе көп жүктөлөт. Жаратмандык идеялар менен элди бириктирүү зарыл, кара күчтөн коркуп калчу биз эмеспиз".

Булчуңдуу орган, кызуу кандуу жетекчи

Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыккан эл менен жолугушуп жатканда, "атаңыздан калган жер эмес" деген жергиликтүү тургунга эскертүү берген.

Анда анын "ата-энеме сөз тийгизгендердин тилин жулуп алам"деп айтканы сынга кабылган.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов атайын кызматтын башчысы, президенттин досу Камчыбек Ташиевди сабырдуу болууга чакырды.

Феликс Кулов
Феликс Кулов

“Ташиевдин нааразылыгын эки жактан карасак болот. Социалдык тармактарда шылдың кептер көп айтылат. Бизде конструктивдүү, сергек сын айткандар аз. Мен муну президент Садыр Жапаровдун досунун эмоционалдуу реакциясы деп атайт элем. Эгер чынында президент Садыр Жапаровго коркунуч жаралып жатса, анда аны коргоо атайын кызматтын башчысынын милдети, бул жерде сөз жок. Ал эми жөн гана сын айткандардын тизмесин түзөм десе жаңылышат. Ташиевдин бул сөзү коомчулукта нааразылык жаратты. Ал эл алдына чыкканда өзүн токтоо кармап, сабырдуулук кылса жакшы болмок”.

Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Баш мыйзамды өзгөртүүнү демилгелеп, Кыргызстан президенттик башкарууга кайткан.

Баш мыйзам өзгөртүлүп жатканда "авторитардык бийлик орноп, сөз эркиндигине кысым күчөйт" деп кооптонгондор болгон.

Мындай коркунуч мурдагы президенттер тушунда кабыл алынбаган бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам парламенттен өтүп, президент кол койгондон кийин күч алды. Жарандык коомду тынчсыздандырган маалымат тууралуу дагы бир мыйзам кайра жазылып, бирок парламенттен өтпөй калды.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун иштерин сындап келген саясатчы Жеңиш Молдокматов суракка чакыртылып, камакка алынган.

Саясатчы Бектур Асанов Ташиевдин президентти жамандагандарды тизмектеп жатабыз дегенин оройлук катары эсептейт.

“Жогорку мамлекеттик кызматта, өзгөчө Улуттук коопсуздук комитетинде отурган кишинин минтип айтканы өтө орой, осол билдирүү болду. Элди коркута албайт. Биздин элди атып өлтүрүп деле коркута алышкан эмес. Ошондуктан ал бийликтин кадыр-баркына гана доо кетирди. Анын сөзү бийликке чоң минус болду”.

Баш мыйзамды жазган Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашов Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы негиздүү сөзү айтты деген пикирде.

“Ар кимдин ою ар кандай да. Мамлекетти мыйзам менен башкарыш керек. Биздин коом саясий жактан активдүү да. Анткени Кыргызстанда бийликке барсаң, бай болосуң деген түшүнүк бар. Ошондуктан бийлик талашкан жолго түшүп алганбыз. Атайын кызматтын башчысы айтып жаткандан кийин ага негиз бар”.

Ал арада Социал-демократтар партиясы Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйыны боюнча билдирүү жасап, президент Садыр Жапаровго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды.

Партия лидери Темирлан Султанбеков атайын кызматтын төрагасы кызмат абалынан аша чаап, бир катар мыйзамдарды бузганын айтууда.

Темирлан Султанбеков
Темирлан Султанбеков

“Камчыбек Ташиев маалымат жыйыны учурунда адам укуктарын кемсинтип, басынтты, Кыргызстандын жарандарын "кыргыз жана кыргыз эмес" деп бөлдү. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды. Ошондуктан Социал-демократтар партиясы билдирүү жасадык. Кечээ Камчыбек Ташиев саясий маданиятсыздыгын, мамлекеттин кызыкчылыктарын билбестигин, билиминин деңгээлин көргөзүп койду”.

Ал эми Камчыбек Ташиевдин мурдагы саясий үзөңгүлөшү, коомдук ишмер Жылдызкан Жолдошева УКМК жетекчисинин маалымат жыйынында айткандарына мындай комментарий берди.

“Сөз эркиндигин эч ким чектей алган эмес жана чектей албайт. Камчыбек Кыдыршаевич балким башка нерсени айтайын дегендир. Азыр тролль, фейк дегендер бар экен. Башка бирөөнүн атын жамынып алып, элди козуткандарды айтайын деди окшойт. Мен анын айтканын толук түшүнгөн жокмун. Бирок өз баракчасында эркин сүйлөгөн жарандарга мындай сөздөр өтпөйт деп ойлойм. Азыр туташ кризис болуп жатат. Кымбатчылык, кургакчылык, чек ара чыры... Ушуларга байланыштуу пикир айткандар дагы жоопкерчиликке тартылышы керекпи? Кыргыздын эркин ой жүгүртүүсүн, өз оюн ачык айтуусун эч ким коркутуп-үркүтүп токтото албайт. Ошондуктан бийликке баргандар ойлонуп сүйлөш керек".

Камчыбек Ташиев атайын кызматтын жетекчилигине октябрь окуясынан кийин келген. Ал президент Садыр Жапаровдун жакын досу экени белгилүү. Мындан улам өлкөдөгү президенттен кийинки эле таасирдүү адам экени айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG