Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Бишкек Анкаранын атайын операциясын билгенби?


Чет өлкөлүк маалымат каражаттары, анын ичинде түрк басылмалары да Орхан Инандынын Кыргызстандан Түркияга алынып барышын чагылдырышууда.

Жапаровдун "белеги"

Түркиянын Hurriyet гезити 7-июлдагы санында “Жапаровдун “белеги” жеткирилди” деген аталыштагы макаласын жарыялады.

Автор Недим Шенер Кыргызстандын президентинин 9-11-июнда Анкара сапары учурунда Садыр Жапаров президент Режеп Тайып Эрдоган менен бир нече келишимге кол коюп, “эки өлкө үчүн чоң коркунуч жараткан Гүлен кыймылына (АКШда бозгунда жүргөн түркиялык диниятчы Фетхулла Гүлендин уюму - ред.) каршы биргелешип күрөшүү чечими кабыл алынганын билдирген” деп жазды.

Андан ары ошол сапарга чейин эле Жапаров Түркияга “белек” менен келери болжолдонуп жатканы айтылат.

"Орхан Инанды 1-июнда дайынсыз жоголгондон кийин Кыргызстан, Европа, Америкадагы анын жактоочулары социалдык тармактарда ири кампания жүргүзүшкөн, Түркиянын өзүндө бул аракеттерге көңүл бурулбаганы менен Германия өкмөтү бул маселени талкуулап, Инандынын тагдырына тынчсыздануусун билдирген", - деп уланат макала.

“Эрдоган Инанды түрк чалгын кызматы (MIT) жүргүзгөн операциянын натыйжасында жеткирилгенин билдиргенден кийин бул окуяга тактык киргизилди. Буга караганда, MIT Кыргызстандын расмий адамдары менен биргелешип Орхан Инандыны Түркияга президент Жапаровдун сапары алдында алып келишкен. Башкача айтканда, “белек” визитке чейин бир жума мурда жеткирилген", - деген ойдо Шенер.

Анын пикиринде, Гүлендин уюмунун мүчөлөрү жана алардын атынан Германияда сүйлөгөн саясатчылар түрк атайын кызматы мыйзамсыз иштерди кылып жатканын байма-бай айтып келатышат, бардык окуялар атайын кызмат Инанды өңдүү маанилүү адамды колго түшүрүүдө Кыргызстандын бийлиги менен кызматташканын көргөзүүдө.

Андан ары автор "Инанды "Гүлен кыймылынын" Борбор Азия боюнча жетекчиси болгон, Кыргызстан болсо уюмдун аймактагы чебине айланган" деп жазат.

Макалада Кыргызстандагы "Себат", башка окуу жайлардын таржымалына да сереп салынат.

Кошумчалай кетсек, Недим Шенер 6-октябрдагы окуялардан кийин Hurriyet гезитине көлөмдүү макала жазып, "Гүлен кыймылы" Кыргызстанда тамырлап кеткенин жана Кыргызстандагы төңкөрүш аракетине дал ушул кыймылдын мүчөлөрү күнөөлүү экенин жазган.

Кыргыз бийлигинин кабары бар беле?

The Diplomat басылмасы мындан үч жумадай мурун эле Орхан Инанды ким экенин билбегенин айтып, президент Садыр Жапаровго жообун узаткан түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инандыны алып келүүдө өз өлкөсүнүн чалгын кызматынын ишин кубаттаганын жазды.

"Эрдогандын жарыясы мугалимдин тарапташтары менен жакындары 31-майдан бери чочулап жаткан сценарийди бышыктады", - деп белгилейт Кэтрин Пуц.

Журналист Түркияда мындан беш жыл мурун болгон төңкөрүш аракетинин чоо-жайына токтолуп, ал окуядан кийин Борбор Азия кысымга туш болгонун жазды.

"Эмне дегенде аймакта түрк лицейлери маанилүү орунду ээлейт, көбү 1990-жылдардын башында, көз карандысыздыкка жаңы жеткен жумурияттар жардамга муктаж кезде түзүлгөн, ал маалда мектептер жана Гүлен Анкарада “жумшак таасир этүүнүн” маанилүү куралы катары каралып келген. Азыр болсо көп нерсе өзгөрдү", - деп сөзүн уланткан Пуц. Ал "Себат" мектептеринин аталышын өзгөртүүнүн себебине жана таржымалына токтолгон. Анын айтымында, бул окуу жайлар Кыргызстанда эң мыкты деп эсептелет.

Андан ары кыргыз бийлиги 2019-жылы эле айрым адамдарды, арасында Инандыны экстрадициялоодон баш тартканын эске салат.

Макалада ошондой эле Human Rights Watch өткөн айда Инанды Түркияга кайтса, “ырайымсыз мамилеге же кыйноого” туш болушу мүмкүн деп эскерткени айтылат. Эл аралык укук коргоо уюму Түркия башка өлкөдөгү адамдарды уурдап келип, айлап белгисиз жерде кармап, кийин мамлекеттик телеканалдардан көргөзгөнү адам укугун бузууга жатарын белгилеген.

Журналист Инанды кыргыз жараны экенин, башка мамлекеттин аны уурдап кетиши жеке адамдын укуктарын гана эмес, Кыргызстандын суверенитетин чектөө болуп саналат деген пикирин ортого салат.

"Бул өз кезегинде кыргыз бийлигинин Инандыны уурдоого тиешеси барбы же жокпу деген суроону жаратат. Жооп кандай болбосун, ал көп ойго түртөт", - деп жазылган The Diplomat басылмасында.

Кыргызстан Инандыны өткөрүп берүүдөн мурда баш тарткан

Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилиши тууралуу кабарды Франциянын Эл аралык радиосу (Radio France Internationale) да чагылдырды.

Чакан макалада Орхан Инанды теги түрк кыргыз жараны экени, 2016-жылдан бери Анкара Фетхуллах Гүлендин уюмунун мүчөлөрү делген адамдардын артынан түшкөнү айтылат. Бир ай мурун түрк атайын кызматы Кенияда Гүлендин бир тууганынын баласын кармашканы, эми болсо операция кыргыз жеринде жүргүзүлгөнү баяндалат. Кыргыз бийлиги Инандыны 2019-жылдан бери өткөрүп берүүгө макул болбой келгени белгиленет.

Андан ары Инандынын кармалышы Анкара үчүн канчалык маанилүү экенин ал тууралуу президент Эрдогандын өзү жарыялаганынан баамдаса болору айтылат.

Макалада башка өлкөлөрдө жүргөн “гүленчи” деп айыпталган адамдарды күчтөп алып келүү практикасы Түркиянын ошол мамлекеттер менен мамилесинин чыңалышына алып келгени белгиленет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG