Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Садыр Жапаров: Ташиев Инандыга коопсуздукка көңүл бурууну эскерткен


Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон.
Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон.

Президент Садыр Жапаров теги түркиялык кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга тымызын алынып кеткенине байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарына комментарий берди.

“Орхан Инандынын жоголгону тууралуу маалымат чыгары менен мен дароо укук коргоо органдарынын жетекчилерин чогултканымды билесиздер. Мен аны тез арада табууга бардык аракеттерди көрүүнү, чек араны жакшылап карап турууну тапшыргам. Ошол эле күнү Орхан Инанды тууралуу кеңири маалымат алгам. Көрсө, Инандыны 2016-жылдан бери уурдоого үч жолу аракет жасалган экен. Үчүнчү аракет кышында эле болгон жана аны УКМКнын кызматкерлери сактап калган. Орхан Инанды менен анын үй-бүлөсү аны билет. Ошондо УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Орхан Инандыга “жалгыз жүрбөңүз, жансакчыларды алыңыз” деп эскерткен. Бирок ал буга көңүл бурган эмес”.

Жапаров тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге Орхан Инандыга байланыштуу Анкарага нота жолдоо тууралуу тапшырма бергенин айтты. Нота бүгүн, 6-июлда берилгенин кошумчалады. Кыргызстан анын кайтарылышын талап кыларын билдирди.

“Бирок азырынча түрк тараптан расмий жооп келе элек. Алар оозеки түрүндө Орхан Инанды алардын жараны экенин, түрк жарандыгынан чыкпаганын билдиришти. Биз Түркиянын расмий жообун күтүшүбүз керек”.

Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG