Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

ТИМ Инандыга байланыштуу түрк элчисине нота тапшырды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркияда камакта жатканы белгилүү болгон Орхан Инандыга байланыштуу түрк элчиси Ахмет Садык Доганды чакырып, нота тапшырды.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратып, элчи президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен чакырылганын кабарлады.

Кыргызстан Түркиянын аракетин "Адам укугу боюнча жалпы декларация жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактты одоно бузат" деп белгилеген.

“Кыргыз тарап Түркияны Орхан Инандыны кайтарууга жана ага эл аралык укуктук жоболор боюнча мамиле жасоого, зомбулук жана басынтууга жол берилбешин камсыз кылууга чакырды”, - деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган Орхан Инандыны түрк жараны деп тааный турганын билдирген. Элчи түрк тарап аталган операциянын Кыргызстандын аймагында болгону жөнүндө жарыя кылбаганын айткан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орхан Инандыны кыргыз жараны катары мекенине кайтарууга, Баш мыйзамга жана эл аралык укуктук жоболорго ылайык, анын укугун коргоого бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG