Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Казакстан: саясий куугунтукту токтотууну талап кылган эки активист камалды


Оппозициялык партиялардын камалган мүчөлөрүн боштондукка чыгарууну талап кылган пикет. 11-июнь, 2021-жыл. Орол.
Оппозициялык партиялардын камалган мүчөлөрүн боштондукка чыгарууну талап кылган пикет. 11-июнь, 2021-жыл. Орол.

Оролдун соту жарандык активисттер Орынбай Охасов менен Дастан Базеновду он күнгө административдик камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.

Аларга мыйзамга каршы келген митингдерге катышкан жана митингге катышуу тартибин бузган деген административдик айып тагылып, жоопко тартылганын "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады.

Буга чейин жарандык активисттер тобу “Көчө" партиясы менен "Казакстандын демократиялык тандоосу" партиясын сот экстремисттик деп таап, алардын ишмердигине тыюу салган чечим кабыл алганына каршы саясий акцияларды уюштуруп, соттун чечимин артка кайтарууну талап кылышкан.

Алар колдоруна ар кандай плакаттарды кармап, активисттердин айрымдары саясий ачкачылык кармаганын жарыялашкан. Буга чейин ачкачылык кармагандардын үчөө камакка алынган.

Жарандык активисттер бир жумадан ашык убакыттан бери оппозициялык эки партияны экстремисттик деп тааныган сот чечимин жокко чыгарууну талап кылып келишет.

Дагы караңыз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG