Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Беларус: Виктор Бабарико 14 жылга кесилди


"Белгазпромбанкынын" мурдагы башчысы, Лукашенкого каршы чакырык таштаган Виктор Бабариконун сот жараяны
"Белгазпромбанкынын" мурдагы башчысы, Лукашенкого каршы чакырык таштаган Виктор Бабариконун сот жараяны

Беларуста президенттикке талапкерлигин коюп, бирок каттоодон өтпөй калган оппозиционер Виктор Бабарико 14 жылга кесилди. Бул тууралуу ТАСС "БелТА" мамлекеттик агенттигине шилтеме берип кабарлады.

Маалыматка караганда, Жогорку сот Виктор Бабарикону "ири өлчөмдө пара алуу жана кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу" беренелери боюнча айыптуу деп тапты.

Ал "Белгазпромбанк" иши боюнча айыпталган сегиз адамдын арасынан күнөөсүн моюнуна албаган жалгыз айыпталуучу болду.

"Азаттык" радиосунун беларус редакциясы кабарлагандай, Бабарикого 5 миң базалык айлык акы өлчөмүндө айып пул салынып, 5 жылга чейин жетекчилик кызматтарды ээлөөгө тыюу салынды. Калган жети киши үч жылдан 6,5 жылга чейин кесилди.

Виктор Бабарико соттук териштирүү учурунда көрсөтмө берүүдөн баш тартып, кылмыш ишин саясий мотив менен токулган деп мүнөздөгөн. Ал 2020-жылы президенттикке талапкерлигин көрсөтүп, бирок Беларустун шайлоо комиссиясынан каттоосунан өтпөй калган.

"Бул этапта мен кандайдыр бир түшүндүрмө же көрсөтмө берип, эч бир суроолорго жооп бербейм. Айыптоонун маңызы тууралуу көп жолу айткам", - деген Бабарико – "Белгазпромбанк" ишиндеги эң башкы фигурант.

Аталган банкты 20 жыл башкарып, шайлоо өнөктүгүнүн алдында кызматын тапшырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG