Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:34

Текебаев: Инандынын уурдалышы өлкө эгемендигине шек келтирет  


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Түркияда камакта жаткан Орхан Инанды жөнүндө пикирин “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Анда саясатчы Орхан Инан өлкөнүн билим берүү системасына чоң салым кошкон, кыргыз жараны экенин белгилеп, анын уурдалышы мамлекеттин суверендүүлүгүнө кол салууга барабар деди.

“Түрк атайын кызматтарынын Кыргызстандын территориясында эркин жүрүп, Кыргызстандын жарандарын уурдап кеткендиги бул биздин мамлекеттин, Кыргызстандын суверендүүлүгүнө, анын мамлекеттик кызыкчылыгына кол салганга тете аракет. Суверенитет четинен кертилип сатылбаш керек. Ошондуктан, бул окуяга Кыргыз бийлиги тарабынан кечиктирилбестен адекваттуу тиешелүү баа берилиши керек, ошого жараша кыргыз бийлиги тиешелүү аракеттерди жасаш керек”, - деп жазды.

Кыргызстандын бийлиги Инандыга байланыштуу азырынча үн ката элек.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган бир айдан ашык убакыттан бери дайыны чыкпай жаткан "Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Ал Инандыны "ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башкы жооптуу өкүлү" деп атады жана аны алып келүү чалгынчылардын "сабырдуу иш-аракеттеринин негизинде" ишке ашканын билдирген.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.

Кыргызстанда социалдык тармактарда көпчүлүк саясатчылар, коомдук ишмер жана жарандык активисттер Орхан Инандынын башка өлкөгө уурдалышын сындап жатышат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG