Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси ТИМге чакыртылды


Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган министрликке чакыртылганын тастыктады. Ал Орхан Инандынын маселеси боюнча чакырылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган бир айдан ашык убакыттан бери дайыны чыкпай жаткан "Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялады.

Түрк президенти Инандыны "ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башкы жооптуу өкүлү" деп атады жана аны алып келүү чалгынчылардын "сабырдуу иш-аракеттеринин негизинде" ишке ашканын билдирген.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG