Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Корумду-Балбай жолунун бир чакырымы 1,3 млн доллар деп эсептелди


Балыкчы-Корумду жолун оңдоо 2015-жылы башталган.
Балыкчы-Корумду жолун оңдоо 2015-жылы башталган.

Бул тууралуу транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев 6-июлда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, жол төрт тилкелүү, экинчи категорияда болот жана жанында тротуар салуу, калктуу конуштардагы бөлүгүн жарыктандыруу каралган.

Депутат Тынчтыкбек Конушбаев куду ушундай эле Балыкчы-Корумду жолунун бир чакырымы 730 доллардын тегерегинде курулганын айтты. Ал алынып жаткан насыялардын үстөк пайызы да жогору экенин сындады.

Нурланбек Кайынбаев тендердин негизинде жол курууга кеткен каражаттын суммасы азайышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Өкмөттүн эсебинде, Ысык-Көл айланма автожолунун Корумду-Балбай бөлүгү 81 чакырымды түзөт жана аны оңдоого жалпысынан 128 миллион доллар сарпталат. Анын 35% грант, калганын 2,5 үстөк пайыз менен 23 жылга насыя катары эл аралык үч уюмдан алат.

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети бүгүн, 6-июлда бул насыялык макулдашууларды карап жатат. Өткөн айдын аягында документтерди Бюджет жана финансы комитети жактырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG