Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Орхан Инандынын кайтарылышын талап кылгандар акцияга чыгышты


Акцияга чыккандар. Сүрөт Руслан Харизов аттуу Интернет колдонуучунун видеосунан алынды.
Акцияга чыккандар. Сүрөт Руслан Харизов аттуу Интернет колдонуучунун видеосунан алынды.

Парламент имаратынын алдына он чакты адам Түркияда камакта жатканы белгилүү болгон Орхан Инандыны мекенине кайтарууну талап кылып чыгышты. Алар колдоруна “Кыргыз Республикасынын жаранын кайтарып бергиле” деген баракчаларды кармап турушту.

Кыргызстандын бийлиги Инандыга байланыштуу азырынча үн ката элек. Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган министрликке Орхан Инандынын маселеси боюнча чакыртылганын билдирди.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган бир айдан ашык убакыттан бери дайыны чыкпай жаткан "Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Ал Инандыны "ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башкы жооптуу өкүлү" деп атады жана аны алып келүү чалгынчылардын "сабырдуу иш-аракеттеринин негизинде" ишке ашканын билдирген.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.

Кыргызстанда социалдык тармактарда көпчүлүк саясатчылар, коомдук ишмер жана жарандык активисттер Орхан Инандынын башка өлкөгө уурдалышын сындап жатышат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG