Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Депутат: Инандыны алып келүүгө аракет кылышыбыз керек


Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жетекчисинин орун басары Абдывахап Нурбаев Түркияда камакта жаткан Орхан Инанды мекенине кайтаруунун жолдорун издөө керек экенин билдирди. Нурбаев Кыргызстан өз жарандыгын берген адамдардын укугун коргошу керек деп эсептейт.

“Президенттин укук коргоо органдарына тез арада тапкыла деген тапшырмасы бар болчу. Түркия "атайын кызмат алып келди "деп жатат. Тышкы иштер министрлиги нота бериш керек. Кыргызстандын эл аралык аброю, укуктук базасына шек келди. Жарандыкты бергенден кийин аны коргошубуз керек болчу. Менин оюмча эл аралык уюмдар, Европарламент реакция кылат. Эл аралык имиджибизди сактап калуу үчүн эң биринчи кадам артка кайтаруу үчүн жолдорун издешибиз керек. Мыйзамды тебелеп, тепсеп, эгемендүүлүгүбүзгө шек келтирип, башка өлкөнүн атайын кызматы алып кеткени уят, тарых алдындагы кара так болуп калды”, - деди Нурбаев.

Кыргызстандын бийлиги Инандыга байланыштуу азырынча үн ката элек. Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган министрликке Орхан Инандынын маселеси боюнча чакыртылганын билдирди.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган бир айдан ашык убакыттан бери дайыны чыкпай жаткан "Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Ал Инандыны "ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башкы жооптуу өкүлү" деп атады жана аны алып келүү чалгынчылардын "сабырдуу иш-аракеттеринин негизинде" ишке ашканын билдирген.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.

Кыргызстанда социалдык тармактарда көпчүлүк саясатчылар, коомдук ишмер жана жарандык активисттер Орхан Инандынын башка өлкөгө уурдалышын сындап жатышат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG