Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Камчаткада жүргүнчү ташыган Ан-26 учагы жоголду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Петропавловск-Камчаткадан Палана багыты боюнча учкан жүргүнчү ташыган Ан-26 үлгүсүндөгү учак байланышка чыкпай, радарлардын экранынан жоголгон.

Бул тууралуу "РИА Новости" агенттиги тиешелүү кызматтарга шилтеме берип жазды.

Алдын-ала маалымат боюнча учактын бортунда 22 адам болгон. Алардын арасында бир жаш бала жана экипаждын алты мүчөсү да бар. Бул тууралуу агенттикке Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгынан кабарлашты.

Ал эми "Интерфакс" агенттигинин булагынын айтымында, учак Шелехов кысыгынын үстүнөн учуп өтүп, конууга баратканда Охотское деңизине түшүшү мүмкүн, же Палана поселогунун үстүндөгү көмүр кенине кулашы ыктымал.

Учактын кулашына учкучтардын катачылыгы, техниканын иштебей калышы же аба ырайынын бузулушу себеп болушу мүмкүн экени айтылууда.

Камчатканын өкмөтү атайын штаб түзүп, жоголгон учакты жана андагы адамдарды издөөгө киришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG