Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:30

ИИМ элди каржы пирамидасына алданып калбоого чакырды


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги каржы пирамидасына алданган фактылар көп болуп жатканын эскертип, жарандарды алданып калбоого чакырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

ИИМ ар кандай каржылык топторго мүчө болордун алдында уюмдун каттоосун Юстиция министрлигинин, Улуттук банктын жана Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын сайтынан текшерүүгө чакырат.

“Тилекке каршы, дагы деле болсо каржы алдамчыларынын торуна түшүп калгандар Кыргызстандын бардык аймактарында чыгууда. Алдамчылар башкалардын акчасын тартып алуунун өздөрүнө ыңгайлуу, элге ишенимдүү боло турган жолдорун ойлоп табышат”, - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Милиция каржылык мыйзамсыз иш алып баргандар Жазык кодексинин 214-беренеси (“Финансылык пирамидаларды уюштуруу”) боюнча жазага тартылаарын белгилейт. Учурда ИИМ Ысык-Көл, Талас, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларындагы каржы пирамидаларды уюштургандар боюнча иликтөө жүргүзүп жатат.

Таласта облустук администрациянын алдында 5-июлда каржы пирамидасына акча берген 200дөн ашуун жаран нааразылык акциясына чыгышкан.

Кыргызстанда акыркы мезгилде ар кандай тармактык сооданын түрлөрү көбөйүп жатат. Мунун себебин адистер тез баюуну көздөгөн психология, ошондой эле жумушсуздук менен түшүндүрүшөт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG