Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Казынага акча төккөн Абжалиев парламентке кайтты


Алиярбек Абжалиев
Алиярбек Абжалиев

Мыйзамсыз баюуга шек саналып, кылмыш иши козголгондон бери чет өлкөдө жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев парламенттин кезексиз сессиясына катышты. Ал бир жума мурун козголгон кылмыш ишинин негизинде мамлекетке 20 млн. сом төккөн.

“Мыйзамсыз баюуга” шек саналып, чет өлкөдө жүргөн депутат Алиярбек Абжалиев Кыргызстанга 27-июнда келген. Атайын кызмат бир күндөн кийин козголгон кылмыш ишинин негизинде Абжалиев мамлекетке 20 миллион сом төккөнүн, тергөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина кылмыш иши козголуп, мамлекетке келтирген зыянын төккөн депутаттын парламенттин кезексиз сессиясына катышканын бийликтин кош стандарттуу саясаты деп сындап жатат.

Ирина Карамушкина
Ирина Карамушкина

“Бул азыркы бийликтин кош стандарт мамилесин дагы бир жолу далилдеп турат. Алиярбек Абжалиев күнөөсүн мойнуна алып, акча төктү. Мисалы, депутат Марат Аманкулов акча төлөп бергенден тышкары депутаттык мандатын тапшырган. Эмнеге Жээнбековдун кудасы эч нерсе болбогондой парламентке келет, башкалар мандатын тапшырып берет? Башка президент болгондо кылмыш ишин козгоп, акча төктүрүп аткандан кийин мандатын тапшыртмак. Мындай иштер элдин бийликке ишенимин кетирип жатпайбы”.

Буга чейин “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш иши козголгон мурдагы депутат Марат Аманкулов мамлекетке 50 млн. сом төгүп берип, депутаттык мандатын кошо тапшырган.

Депутат Алиярбек Абжалиевге март айында кылмыш иши козголгон. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) аны мыйзамсыз баюуга айыптап, "кызматтык абалын жана экс-президент Сооронбай Жээнбековго кудалык байланышын колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине байма-бай кийлигишип жүргөн" деп маалымдаган. УКМК Абжалиевдин байлыгынын узун тизмесин, сүрөттөрү менен жарыялаган.

“Абжалиев менчик ишканалардын кызыкчылыгын алдыга сүрөгөн, мамлекеттик кызматта иштеп жатканда расмий кирешелеринде көрсөтүлбөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болгон, жыйырмадан ашуун элиталык батири, Бишкектеги VIP шаарчаларда үйлөрү, Ысык-Көлдө пансионат, Ысык-Көл, Чүй облустарынын аймагында жер тилкелери бар. Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлк сатып алган", - деп билдирген УКМКнын өкүлү.

УКМК сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Абжалиевдин булардан башка дагы көмүскө мүлкүн аныктоо аракеттери жүрүп жатканын кабарлаган.

Кылмыш иши козголгон мезгилде чет өлкөдө жүргөн депутат Алиярбек Абжалиев УКМКнын айыбын курулай доомат деген.

“Мунун баары калп, куру доомат. Дубай, Түркияда үйлөрү бар дептир, үй эмес, бир кышым жок. Болсо алып алсын. 2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген жокмун. Жеке менчик компаниялардын кызыкчылыгына иштеген деген маалыматтар да калп”.

Кыргызстанга кайтып келип, мамлекетке 20 млн. сом төгүп берген депутат “Азаттыктын” суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

“Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова атайын кызмат козгогон кылмыш иштер соода менен бүтүп жатат деп эсептейт.

“Түшүнүксүз, тымызын иштер жүрүп жатат. Канчасы мамлекетке, канчасы өздөрүнүн чөнтөгүнө кетип жатат белгисиз. Резонанстуу кылмыш иштер боюнча максималдуу ачыктык болуш керек эле. Сотко жеткирип, сотту ачык жүргүзүп, күнөөсүн мойнуна коюп анан зыянды өндүрүш керек. Мыйзамдын негизинде иш жүргөн жок. Мамилесине жараша соодалашуу болуп жатат. Бийликтегилер деле, айыпталып жаткандар деле келишим боюнча билгенин кылып жатат. Жакшы соодалашсаң акча төгүп, эркиндигиңди, мандатыңды сактап каласың. Соода бышпай калса эркиндигиңди сатып аласың, бирок мандаттан ажырайсың”.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр декабрда өткөн маалымат жыйынында дагы бир депутат сегиз жыл мурдагы иши үчүн ири суммадагы акча төгүп жатканын айткан, бирок кайсы депутат экенин тактаган эмес.

Камчыбек Ташиев март айында Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып коррупция, мыйзамсыз баюу беренелери менен камалгандар төрт млрд. сомдон ашык акчаны бюджетке төккөнүн билдирген.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев жаңы келген бийлик тарыхта болбогондой коррупция менен күрөш жүргүзүп жатат деп эсептейт.

Бакыт Бакетаев
Бакыт Бакетаев

“Жаңы президент келип тарыхта болбогондой коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Ар бир чиновник уурдаганын билет, алар өз эрки менен төгүп бериш керек. Ташиев бир-бирден терем деп айтпадыбы. "Кустуруу саясатын" колдойм, бирок мыйзамдуу болуш керек. Сотто ачык далилденбей гана жатат. Президент эми дагы кайрылып, өзүңөр төгүп бергиле деш керекпи деп турам”.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова кезектеги “кустуруу иши” жана иштин фигурантынын парламентке келиши тууралуу мындай деди.

“УКМК Абжалиевдин байлыгы деп санак жетпеген тизмени көрсөтпөдү беле? Эми 20 млн. сом алып парламентке отургузуп койгону ар бир адамда суроо жаратып жатат. Эмнеге тандалма, эмнеге теңдик жок? Абжалиевге президенттин колдоосуна таянып мамлекеттик иштерге кийлигишкен деген оор айып коюлган. Эмнеге ага жеңилдик берилип жатат, эмне досторубу? Эмнеге 100 млн. сом жөн эле берген Бабановду мамлекеттик ишмерлер үй камагына чыгарып койгула деп жатса үн катып коюшпайт?”.

Алиярбек Абжалиев – экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анын Атабек аттуу уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөнү маалым.

Бийлик алмашкан октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанда тергөө менен кызматташуу ыкмасы кеңири колдонулуп жатат. Коррупция, мыйзамсыз баюу сыяктуу беренелер менен кылмыш иши козголгондор акча төлөп камактан чыгып кетишүүдө.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев кылмыш иши козголгондор тергөө менен кызматташууга барганына карабастан иши сотко жеткирилип, мыйзамдагы жазасын аларын билдирген. Тергөө менен кызматташууга барып, акча төккөндөрдүн көпчүлүгүнө сот 260 миң сомдон айыппул салып жатат.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG