Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Алиярбек Абжалиев деген ким? (Өмүр баяны)


Алиярбек Абжалиев
Алиярбек Абжалиев

Жогорку Кеңештин сайтында жайгашкан өмүр баяны тууралуу маалымат:

1967-жылдын 5-ноябрында Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында туулган.

1991-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика жана материалдык жабдууну үнөмдөө жана пландаштыруу адистиги боюнча аяктаган.

1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган;

2005-2007 жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер адистиги боюнча толук курсту бүтүргөн;

Эмгек жолун 1992-жылы Ош областынын «Кеңеш» совхозунун бухгалтери болуп баштаган;

1992-1993-жылдары Ош шаарынын «Арча» атындагы соода тармагынын экономисти;

1993-2000-жылдары Ош областынын бириккен бажысынын «Иркештам» постунда башкы инспектору, начальниктин орун басары, начальниги;

2000-2004-жылдары Баткен областынын бажысынын начальнигинин орун басары, начальниги;

2004-2005-жылдары «Манас» аэропортунун бажысынын жетекчиси;

2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

2008-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы.

2015-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты.

4 баланын атасы.

Буга чейин маалым болгондой - Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевге карата Кылмыш кодексинин 308-1-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") менен сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 1-мартта билдирди. Абжалиев "кызматтык абалын жана экс-президент Сооронбай Жээнбековго кудалык байланышын колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине байма-бай кийлигишип жүргөн" деп шек саналууда.

"Абжалиев менчик ишканалардын кызыкчылыгын алдыга сүрөгөн. Мамлекеттик кызматта иштеп жатканда расмий кирешелеринде көрсөтүлбөгөн кыймылсыз мүлктөргө ээ болгон. Жыйырмадан ашуун элиталык батирлери, Бишкектеги VIP шаарчаларда үйлөрү, Ысык-Көлдө пансионат, Ысык-Көл, Чүй облусунун аймагында жер тилкелери бар, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлк сатып алган", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

УКМКнын маалыматына караганда, сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Абжалиевдин булардан башка дагы көмүскө мүлктөрүн аныктоо аракеттери уланып жатат.

Анын 2018-жылдагы декларациясында 2017-жылы 674 миң 284 сом киреше тапканы жазылган. "Тойота" үлгүсүндөгү автоунаасы, 1 миллион 890 миң сомдук жылкысы, 1 миллион 80 миң сомдук бодо малга ээлик кылары гана көрсөтүлгөн.

54 жаштагы Абжалиев 2015-жылы парламенттин алтынчы чакырылышына депутат болуп шайланган.

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин бүгүн 1-мартта кечке маал "Азаттыкка" интервью берип, УКМК ага карата жүргүзүп жаткан сотко чейинки териштирүү ишин “куру доомат” деп баалады. Анын айтымында, ал 2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген эмес:

“Мунун баары калп, куру доомат. Дубай, Түркияда үйлөрү бар дептир, үй эмес, бир кышым жок. Болсо алып алсын. 2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген жокмун. Жеке менчик компаниялардын кызыкчылыгына иштеген деген маалыматтар дагы калп”.

Алиярбек Абжалиев мындан тышкары мурунку президент Сооронбай Жээнбеков менен кудалыгын пайдаланбаганын, мамлекеттик иштерге кийлигишпегенин да кошумчалады.

Абжалиевдин өзү "2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин", дегени менен анын Жогорку Кеңештин сайтында илинип турган өмүр баянындагы маалыматка ылайык ал 2008-12-жылдарда беш жыл бою Өкмөт алдындагы Монополияга каршы агенттиктин статс-катчысы болуп иштеген.

Андан мурда А.Абжалиев көп жылдар бою Бажы тармагында да эмгектенген. Кийин 2005-2007-жылдарда Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Алиярбек Абжалиевдин баласы Атабек мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызына үйлөнгөн.

XS
SM
MD
LG