Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Алиярбек Абжалиев: Мага куру доомат коюлуп жатат (толукталды)


Алиярбек Абжалиев.
Алиярбек Абжалиев.

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өзүнө карата сотко чейинки териштирүү ишин “куру доомат” деп баалады. Депутат бул тууралуу 1-мартта “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ал 2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген эмес:

“Мунун баары калп, куру доомат. Дубай, Түркияда үйлөрү бар дептир, үй эмес, бир кышым жок. Болсо алып алсын. 2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген жокмун. Жеке менчик компаниялардын кызыкчылыгына иштеген деген маалыматтар дагы калп”.

Алиярбек Абжалиев мындан тышкары мурунку президент Сооронбай Жээнбеков менен кудалыгын пайдаланбаганын, мамлекеттик иштерге кийлигишпегенин да кошумчалады.

Абжалиевдин өзү "2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин", дегени менен анын Жогорку Кеңештин сайтында илинип турган өмүр баянындагы маалыматка ылайык ал 2008-12-жылдарда 5 жыл бою Өкмөт алдындагы Монополияга каршы агенттиктин статс-катчысы болуп иштеген.

Ал эми 1993-2000-жылдары Оштогу "Эркечтам" бажыканасында улук инспектор, башкы инспектор, начальниктин орун басары, башчысы болгон.

2000-2004-жылдарда Баткен облустук бажыканасынын алгач жетекчисинин орун басары, андан кийин жетекчиси.

2004-2005-жылдары "Манас" аэропортунун бажысынын башкы жетекчиси.

2005-2007-жылдарда Жогорку Кеңештин депутаты.

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевге карата Кылмыш кодексинин 308-1-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") менен сотко чейинки териштирүү иштери башталганын УКМК бүгүн, 1-мартта маалымдады.

Абжалиев "кызматтык абалын жана экс-президент Сооронбай Жээнбековго кудалык байланышын колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине байма-бай кийлигишип жүргөн" деп шек саналууда.

УКМК мындын тышкары “ал менчик ишканалардын кызыкчылыгын алдыга сүрөгөн, мамлекеттик кызматта иштеп жатканда расмий кирешелеринде көрсөтүлбөгөн кыймылсыз мүлктөргө ээ болгон, жыйырмадан ашуун элиталык батирлери, Бишкектеги VIP шаарчаларда үйлөрү, Ысык-Көлдө пансионат, Ысык-Көл, Чүй облусунун аймагында жер тилкелери бар, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлк сатып алган", - деп билдирип, депутатка тиешелүү делген кыркка чукул кыймылсыз мүлктүн сүрөттөрүн кошо жиберген.
УКМК сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Абжалиевдин булардан башка дагы көмүскө мүлктөрүн аныктоо аракеттерин жүргүзүүдө.

54 жаштагы Алиярбек Абжалиев 2015-жылы парламенттин алтынчы чакырылышына депутат болуп шайланган.

Уулу Атабек Абжалиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызына үйлөнгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG