Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасын кароо 13-июлга калды


Алмамбет Салиев.
Алмамбет Салиев.

Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасын кароону 13-июлга жылдырды. Буга айыпталуучунун адвокаттарынын процессти жылдырып туруу жөнүндөгү арызы себеп болду.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Салиевди 16-июнда камаган жана ага “мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып койгон. Ал күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Райондук сот Салиевди 16-августка чейин тергөө абагында калтырган.

УКМК Салиев Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда кызмат абалынан пайдаланып, соттордун ишине активдүү кийлигишкени, расмий кирешесине дал келбеген мүлктү сатып алганы аныкталганын маалымдаган.

Ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп 2017-жылдын аягынан 2020-жылдагы октябрь окуяларына чейин иштеген. Бул кызматта турганда анын дарегине "бийликтеги таасирдүү адамга айланды, сотторду жана күч органдарын жапырт көзөмөлдөйт" деген сын-доомат айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG