Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Бишкектиктердин электр жарыгы үчүн карызы 5,2 млн. сомдон ашты


Шам чырактын жарыгында китеп окуп жаткан бала. Иллюстрациялык сүрөт.
Шам чырактын жарыгында китеп окуп жаткан бала. Иллюстрациялык сүрөт.

"Түндүк электр" мамлекеттик ишканасы 6-июлдан тартып 6,1 миң абоненттин жарыгын карызы үчүн өчүрөт. Мекеменин басма сөз кызматы борбор калаанын тургундары электр энергиясы үчүн 5,2 млн. сомдон ашуун акчаны төлөбөй жатканын маалымдады.

Электр жарыгы үчүн карызы бары-жогун "Түндүк электр" ишканасынын кардарлары кол телефонундагы тиркеме аркылуу же 1209 номуруна түз чалып биле алат.

Өлкөдө жылына орточо 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Акыркы жылы керектөө өндүрүлгөн энергиядан ашып түшкөнү, андан улам таңкыстык жаралып жатканы кабарланган.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги бул кризистен чыгуу үчүн быйыл Казакстандан 900 миллион, Өзбекстандан 750 миллион кВт/саат ток алууну макулдашкан. Келишимге ылайык, өкмөт муну үч жыл ичинде жай айларында кайра электр түрүндө кайтарып бериши керек.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG