Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

Беларус Орусиядан ырчы Анжелика Агурбашты өткөрүп берүүнү суранды


Анжелика Агурбаш
Анжелика Агурбаш

Беларустун Башкы прокуратурасы ырчы Анжелика Агурбашга кылмыш ишин козгоп, аны экстрадициялоо өтүнүчү менен орус бийлигине кайрылды. 2021-жылдын май айында ырчыга Беларус Кылмыш кодексинин "Социалдык кастыкты козутуу" жана "Президенттин беделине шек келтирүү" беренеси боюнча иш козголгон. Андагы маалыматка ылайык, Агурбаш соцтармактардагы баракчаларында социалдык кастыкты козутуучу сөздөрдү жазган.

Анжелика Агурбаш беларус тектүү таанымал ырчы. Ал Орусияда жашап, чыгармачылык менен алектенип келет. Ал былтыркы жайдан тарта Беларустагы демократиячыл акцияларды колдоп келет. 2020-жылы Беларустун Москвадагы элчилигинин алдындагы нааразылык акцияларына катышкан.

2-июлда Агурбаш интернетке видеокайрылуу таратып, Беларус бийлиги камакка алууга аракет кылып жатканын ырастаган. Ал Александр Лукашенко "Беларусту басып алып, адамдарды туткунда кармап, эч кимди аябаган ырайымсыз репрессиялык машине жаратканын" билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG