Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

Тажик президенти Рахмондун кайненеси коронавирустан көз жумду


Тажик президенти Эмомали Рахмондун жубайы Азизамох Асадуллаева
Тажик президенти Эмомали Рахмондун жубайы Азизамох Асадуллаева

Тажик президенти Эмомали Рахмондун кайненеси Узбекби Асадуллаева коронавирустан көз жумду. 88 жаштагы Асадуллаева тажик лидеринин жубайы Азизамох Асадуллаеванын апасы. Анын эмнеден улам каза болгону тууралуу расмий маалымат таратылган жок. Бирок “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянып, Асадуллаева коронавирус жуктуруп, соңку күндөрү Дүйшөмбүдөгү Мансуров клиникасында оор абалда дарыланып жатканын жазды.

Узбекби Асадуллаеванын балдары тажик бийлигинде жооптуу кызматтарды ээлейт. Улуу кызы, Эмомали Рахмондун жубайы Азизамох Асадуллаева өлкөнүн кадрдык саясатында таасири бар экени айтылып келет. Ал эми улуу уулу Хасан Асадуллозода “Ориенбанктын” жетекчиси, “Сомон Эйр” авикомпаниясы баш болгон бир нече ишканага ээлик кылат. Дагы бир уулу Амонулло Асадуллаев Тажикстандын мамлекеттик “Барки Точик” энергохолдингинде жетекчилик кызматтарды аркалап келген. Кичүү уулу Амирулло Асадулло болсо Бохтар (мурдагы Коргон-Төбө) шаарынын мэри болгон.

Тажик бийлиги жыл башынан баштап өлкөдө коронавирус жугузгандар жок экенин билдирип келген. Быйыл 21-июнда гана Коронавируска каршы республикалык штаб вирус аныкталганын ырастады. Расмий статистика боюнча пандемия башталгандан бери 13 миң кишиден COVID-19 вирусу аныкталып, 92 адам көз жумду. Бирок эксперттер иш жүзүндө мындан бир нече эсе көп болушу мүмкүн экенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG