Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

АКШ менен Европа кибер чабуулга кабылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

АКШ менен Европанын бир топ компаниялары акча опузалаган кибер чабуулдарга дуушар болду.

Кибернетика боюнча адис-эксперттер чабуулдардын мүнөзүн салыштырып көрүп, аларды орусиялык кибер бандага таандык болушу мүмкүн экенин болжолдоп жатышат. Бирок орус хакерлери менен орусиялык бийликтин байланышы бар экенин аныктоо суроо жаратып жатканы айтылууда. АКШнын президенти Жо Байден мунун артында кайсы күч турарын иликтөөгө тапшырма берди.

Киберкоопсуздук боюнча эксперттер АКШ менен Европанын 17 өлкөсүндө 2-июлда кечинде башталган кибер чабуулдарга кеминде миңдеген киши дуушар болгонун белгилешти. АКШ президенти Жо Байден кибер чабуулдар каяктан экенин аныктоого буйрук бергенин айтты:

АКШ. Президент Жо Байден.
АКШ. Президент Жо Байден.

"Барынан мурун биз мунун артында ким турганын так аныктап, ишеничтүү болушубуз керек. Өкмөттүн бардык ресурстарын мына ушуга так жооп табууга багыттадым. Чалгын кызматтарынын жетекчилиги эмне болгонун терең иликтеп жатат. Ошондуктан эмне болгону мага эртеңден жакшыраак маалым болот. Биринчиден, бул иштин артында чын эле Орусия турганын так билишибиз зарыл. Мен Путинге жолукканда биздин жооп башкача болот деп айткам", - деди Байден.

Эксперттик топтун айтымында, жеке адамдар менен компаниялардын маалыматтар базасын бузуп кирген кибер кылмышкерлер 45 миңден 5 млн. долларга чейин акча талап кылган.

Америкалык Kaseya IT компаниясы анын программалык камсыздоо тутумун бузуп кирүүнүн кесепетинен ондогон кардарлары жабыркаганын жарыялады. Программалык камсыздоонун кардарларынын арасында соода, тейлөө жана медицина тармагындагы бир топ майда жана орто ишканалар бар.

Компаниянын жетекчиси Фред Воккола хакерлердин программаны бузуп кирүү жана андагы маалыматтар базасына ээ болуу жагдайы боюнча толук маалымат берүүдөн баш тартты:

"Биз азыр ФБР жана ички коопсуздук бөлүмү менен жеринде иштеп жатабыз. Бизге азыр бир топ этияттык зарыл болуп жатат. Ошондуктан бул бузуп кирүүлөрдүн диагностикасы жана анын себептери тууралуу ачык айтпай турууну эп көрдүк. Биздин ички коопсуздук борбору жана сырттан тартылган адистер иликтөө маалында бизге эч нерсе айтпай турганын эскертишти", - деди Фред Воккола.

Орус тилдүү REvil аттуу хакерлер тобу бөгөттөлгөн маалыматтар базасын ачуу үчүн 70 млн. доллар опузалаган. Талап кылынган акча ага которулбаса, андагы компаниялардын эсеп-кысап маалыматтарын ачык жарыялап жиберүү менен коркутканы кабарланды.

Хакерлер тобу Kaseya IT компаниясынын VSA камсыздоо программасын зыянкеч вирустун жардамы аркылуу бузуп кирип, анын кардарларынын бухгалтердик эсеп-кысап тутумдарын бөгөттөп салган. Анын бул чабуулдарынан Европадагы бир топ компаниялар дагы жабыркады.

Дүйнө жүзүндө жапырт жүргөн кибер чабуулдардын жыйынтыгында миңдеген компаниялардын маалымат базалары бөгөттөлгөн. Маалымат коопсуздугу боюнча федералдык мекеменин билдирүүсү боюнча Германияда бир эле учурда миңдеген компьютерлер бөгөттөлгөн.

Киберкоопсуздук боюнча Берлиндеги эксперт Маттиас Шульце хакердик топтор бир эле учурда бир канча жерден чабуул жасаганы шек жаратарын айтат:

"Бул кылмыштуу топ Чыгыш Европанын кайсы бир аймагында жайгашкан деген божомолдор бар. Дейта-Брич-Нет сайты алардан комментарий сураганда алар орус тилинде жооп кайтарышкан экен. Бирок биз алардын мамлекеттик түзүмдөр менен байланышы бар же жок экенин билбейбиз. Мамлекет алардын иштешине жол берип, керек болсо колдоого алып келет деген шектенүүлөр гана бар. Бирок биз алардын Орусиянын өкмөтү менен түздөн-түз байланышы бар экенин ачык айта албайбыз", - деди Шульце.

Эксперттердин айтымында, хакердик соккулар АКШнын көз карандысыздык майрамына карата дем алыш күндөргө дал келгени да бекеринен эмес. Анткени алар кайра жумушка чыкканда чабуулга дуушар болгонун туйбай да калышы мүмкүн. АКШда ФБР менен киберкоопсуздук боюнча агенттик иликтөө иштерин жүргүзүп, кибер чабуулдардын масштабын жана каяктан жасалганын аныктоого киришти.

Жо Байден 16-июнда Путин менен жолукканда АКШга жана анын өнөктөштөрүнө карата кибер чабуулдардын артында Орусия турганы аныкталса, Вашингтон катаал жооп кайтара турганын эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG