Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

АКШда орусиялык хакер Никулин жети жылга кесилди


Евгений Никулин.
Евгений Никулин.

«LinkedIn», «DropBox» жана башка интернет-компанияларга хакерлик чабуул койду деп айыпталган орусиялык хакер Евгений Никулин жети жылга кесилди. Өкүмдү Сан-Францискодогу федералдык судья 29-сентябрда чыгарды. Ишти караган судья Уильям Алсуп Никулинди акылдуу адам катары мүнөздөп, бирок өз жөндөмүн мыйзамдуу иштерге колдонууга чакырган. Айыпталуучуну 88 айга эркинен ажыратуу боюнча өкүм Никулиндин Орусияда 10 жашар кызы, оорулуу энеси бар экенин эске алуу менен чыгарылды.

Буга чейин америкалык прокурорлор Евгений Никулинди 12 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Евгений Никулинге карата тергөө 2012-жылы башталган. Анда ал эки өнөгү менен бирге «Formspring», «LinkedIn» жана «Dropbox» компанияларынын маалыматтык системаларына хакердик чабуулдарды уюштуруп, 117 миллиондон ашык маалыматтарга ээ болгону жана башка хакерлерге сатканы боюнча шектелген.

32 жаштагы Никулин 2016-жылы Прагада кармалып, 2018-жылы Кошмо Штаттарга экстрадицияланган. Ал өзүнө коюлуп жаткан «АКШнын технология фирмаларынын системаларын бузуп кирген», «миллиондогон адамдардын жеке маалыматтарына коркунуч жараткан» деген сыяктуу айыптарды мойнуна алган эмес.

Никулин Чехияда камакка алынгандан кийин аны өткөрүп алуу тууралуу өтүнүчүн расмий Прагага АКШдан соң Орусия да жиберген. Эки жылдан ашык териштирүүдөн чех бийлиги АКШнын пайдасына чечим чыгарган.

XS
SM
MD
LG