Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:26

Чехия орус хакерин АКШга экстрадиция кылды


Хакер деп шектелген орус жараны камакка алынган учур. 18-октябрь, 2016-жыл.
Хакер деп шектелген орус жараны камакка алынган учур. 18-октябрь, 2016-жыл.

Вашингтон да, Москва да өткөрүп алууну каалаган Евгений Никулин АКШга экстрадиция болгонун бүгүн Чехиянын Юстиция министрлиги ырастады.

Ал америкалык ири LinkedIn жана Dropbox интернет компанияларына хакерлик жасап, компьютерлерге кирип, жеке маалыматтарды уурдаганы үчүн айыпталган. Эгер күнөөлүү деп табылса, АКШда отуз жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Никулин 2016-жылдын октябрь айында Чехияда камакка алынгандан кийин аны өткөрүп алуу өтүнүчүн расмий Прагага АКШдан соң Орусия да жолдогон.

Орусияда ал 2009-жылы интернет аркылуу 2000 доллардын уурдалышына катышы бар деп айыпталган.

Хакер деп шектелген орус жараны камакка алынганда аны кармоо АКШнын Федералдык тергөө бюросу – ФБР менен кызматташтыкта жүргүзүлгөнүн чех полициясы жарыялаган.

Апта башында Чехиядагы сапары учурунда АКШ Конгрессинин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан Никулинди “Америкага экстрадиция кылууну күтүп жатышканын” билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG