Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:03

"Акаев менен Бакиевдин окшоштугу көп болду"


"Акаев менен Бакиевдин окшоштугу көп болду"
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:10 0:00

Топчубек Тургуналиев менен маек.

“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Манас жана Чыңгыз Айтматов атындагы академиянын президенти, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев.

Ал докторлук ишин коргоодон эмне үчүн баш тартканы, демократиялык уюмга келиши, Акаевди бийликке алып келген ачкачылык, өзүнө козголгон кылмыш иштери, Масалиев, Акаев, Бакиев сыяктуу саясатчылар жөнүндө кеп козгоду.

- Маданият тармагынын менежери, илимдин кандидаты, жогорку окуу жайдын окутуучусу болуп жүргөн Топчубек Тургуналиев 1990-жылы Кыргызстан демократиялык кыймылына кантип кошулуп калган?

- 1980-жылдардын орто ченинен баштап Коммунисттик партия алсырай баштады, СССР өлкөсү ыдырай турганы билинип калды. Өзгөчө Балтика республикалары СССРдин курамынан чыгуу маселесин коюп башташты. Алар “бизди Советтер союзу 1940-жылдары күч менен басып алгансыңар, биз Батыш менен бирге өз алдынча мамлекет болушубуз керек” деп маселени ачык коюп жатышты. Мындай маанай күндөн-күнгө күчөдү, бейформал уюмдар түзүлүп жатканын билип турдук. Алардын аракеттеринин таасири Кыргызстанга да тийип жатты.

"Кыргызстан демократиялык кыймылынын" (КДК) лидерлери Топчубек Тургуналиев жана Жыпар Жекшеев. Советтик Кыргызстанда демократиялык реформаларды жүргүзүүнү талап кылган митинг. Фрунзедеги (азыркы Бишкек) борбордук "Ала-Тоо" аянты.
"Кыргызстан демократиялык кыймылынын" (КДК) лидерлери Топчубек Тургуналиев жана Жыпар Жекшеев. Советтик Кыргызстанда демократиялык реформаларды жүргүзүүнү талап кылган митинг. Фрунзедеги (азыркы Бишкек) борбордук "Ала-Тоо" аянты.

Адегенде 10 чакты кыргызстандык Илимдер академиясына чогулуп, демократия боюнча талкууларды өткөрө баштадык. Балтика республикаларындагы уюмдар менен байланышып, устав, программалары менен таанышып, жетекчилери менен сүйлөшүүлөр болуп жатты. Аларга шыктанып алып, бизде да “Кыргызстан өз алдынча мамлекет болушу керек” деген сөздөр чыга баштады.

Ошондон баштап Кыргызстанда дагы бейформал уюмдар пайда боло баштады, акыры алардын 24ү биригип, 1989-жылы "Кыргызстан демократиялык кыймылы" деген уюмга баш кошушту. 1990-жылы 26-майда КДКнын уюштуруу конференциясы болуп, беш теңтөрага шайланды, анын бири мен элем. Менин КДКга келип калышымдын таржымалы ушундай.

1990-жылы октябрдын аягында академик Аскар Акаев Жогорку Кеңеште президент болуп шайланды. "Майдан" гезитинин архиви
1990-жылы октябрдын аягында академик Аскар Акаев Жогорку Кеңеште президент болуп шайланды. "Майдан" гезитинин архиви

- Ал учурдагы бийлик, анын атайын кызматы демократиялык уюмдардын түзүлүшүнө кандай мамиле жасаган?

- Алар башында бизге караманча каршы болушту, чогулуштарды өткөзбөй көп тоскоолдуктарды кылышкан. Залдарды жаап салышчу. Прокуратура мага каршы кылмыш ишин козгогон, милициялар суракка чакырып келишет, мен барбай жүрдүм. КДКга кошулган 24 уюмдун жетекчилерин да коркутуп-үркүткөн учурлар болгон. Компартиянын мындай куугунтук саясатына протест кылып, 1990-жылы март айында мен, Казат Акматов, Жыпар Жекшеев баш болгон 15 киши Коммунисттик партиянын катарынан чыга тургандыгыбызды “Советтик Кыргызстан” гезитине жарыялаганбыз.

- КДКнын уюштурулушуна ошол кездеги Коопсуздук комитететинин төрагасы Жумабек Асанкуловдун колдоосу болгон деп калышат, болбосо ал демократиялык кыймыл Компартияга оппозиция катары чыгып жатпайбы?

- Ал кездеги бийлик, коопсуздук комитети жогоруда айткан тоскоолдуктарды жасаганы менен КДКнын бир дагы мүчөсүн камай алган жок. Биздин кыймылга миңдеген адамдар кире баштаган, ошондон улам коммунисттик бийлик КДКдан корккон. Мен Коопсуздук комитетинин төрагасы, генерал Жумабек Асанкулов менен КДКнын уюштуруу конференциясы өткөндөн кийин байланышып жүрдүм. Биз менен байма-бай жолугуп жатты.

КДКга кошулган “Жаш тарыхчылар” бирикмесинин өтүнүчү менен комитетке кат жолдоп, 1920-1930-жылдары Абдыкерим Сыдыков баштаган репрессия болуп кеткен аталарыбызга байланыштуу маалыматтарды берүүнү сурандык. Макул болуп, документтерге кирүүгө уруксат берген. Ага чейин алар жөнүндө маалыматтар жабык эле. Мисалы, Абдыкерим Сыдыковдун беш жолу Компартиянын катарынан чыгып, беш жолу кайра кабыл алынган адам экенин ошондо билдик. Мындан сырткары 1916-жылы Үркүндө кыргынга учурагандарды эскерип, КДКчылар Сокулуктан Ат-Башы, Ысык-Көлгө чейин жөө жүрүш жасаганбыз. Ошол акцияга да Жумабек Асанкулов кол кабыш кылып, тамак-аш бышырып, чай кайнатканга аскер техникаларын таап, бизге кошуп берген.

- 1990-жылы октябрдын аягында академик Аскар Акаев Жогорку Кеңеште президент болуп шайланды. Ачкачылыкта отурган Топчубек Тургуналиев биринчи президентке ак калпак кийгизип, бата бергенсиз. Ал кандайча болду эле, калпак даяр беле?

- Ак калпакты мен үйдөн алып келдим. Акаев шайланганда Масалиевдер Ак үйдүн жарыктарынын баарын өчүртүп коюшту, биз ага ого бетер кыжырдандык. Анан мен “тил алган депутаттарды чакыр” деп Казат Акматовго айттым. Эсимде, бир топ депутаттар келишти. Ак үйдүн чыгыш тарабындагы эшиктин алдында жайнаган эл турат. Түнкү саат 11ден кийин Акаев чыкты. Калпакты кийгизип бата бердик. Кыргызстанда тезинен президенттик башкаруу киргизип, демократиялык жолго салуу үчүн иштешин талап кылдык. Чоң үмүт арттык, кийин андай болорун билген жокпуз да...

- Топчуке, сиз Курманбек Бакиевди бийликке алып келүүгө да чоң салым кошконсуз. Бирок, ага да оппозиция болдуңуз, бийликтен кулатууга катыштыңыз. Бакиевдин Акаевден айырмасы эмнеде, окшоштугу эмнеде болду?

- Экөөнүн окшоштугу бийликти башкарууга дармандары жок экенин билдик, экөө тең Компартиянын номенклатурасынан чыккан диктатуралык фигуралар болуп чыга келишти. Дагы бир окшоштугу - экөө тең шылуундар экен. Үчүнчү окшоштуктары, Акаев, Бакиев дагы трайбалисттер болду, жалаң туугандарын, үй-бүлөсүн башкартышты, кадимки кландык башкаруу болду да.

Өзгөчө Бакиевдин учурунда туугандык бийлик күчөп кетти. Биз ага убагында 10 чакты партиялардын лидерлери кирип, “бала-чакаңды, бир туугандарыңды бийликке аралыштырба” деп катуу талап кылып чыкканбыз. Бизге көзүн ирмебей туруп “силердин талабыңарды аткарам” деп убадасын катуу берген, тилекке каршы аткарган жок. Биз ошентип экинчи жолу алдандык, кыргызда “мал аласы сыртында, адам аласы ичинде” деген накыл сөзү бекер айтылбаган экен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG