Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:06

"Бакиевди Үсөн Сыдыков алып келген"


"Бакиевди Үсөн Сыдыков премьер кылган"
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:05 0:00

"Бакиевди Үсөн Сыдыков премьер кылган"

“Азаттыктын” “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев болду. Ал маегинде кыргыз бийлигинин “кайра куруу” жылдарындагы абалы, Акаевдин президент болуп шайлангандагы токтомдун жазылбай калышы, Масалиев, Шеримкулов, Бакиев, Атамбаев ж.б. лидерлердин саясаттагы айырмачылыктары, өзгөчөлүктөрү жана КТРКнын коомдук боло албай жатканынын себептери жөнүндө кеп кылды.

- Абдыкадыр мырза, сиз иштеген "кайра куруу жылдары" (1985-1990) коммунисттик бийлик замандын талабын, чакырыгын кандай кабыл алды, кандай иштеген?

- СССРдин жетекчилигине Михаил Горбачев келгенден кийин айкындуулук, маалымдуулук деген саясатты жүргүзө баштады. Ошол учурда башка улуттук республикаларда: Балтика, Кавказ, Орусиянын өзүндө улуттук аң- сезим тез ойгонуп, көп маселелер кабыргасынан коюла баштаган. Алардын таасири менен Кыргызстанда дагы демократиялык уюмдар, кыймылдар пайда болуп, улуттук тил, 1916-жыл, 1930-жылдардагы репрессия, кыргызча жер-суу аттарынын көйгөйлөрү көтөрүлүп жатты, демилгени ошолор алып, алар көтөрүштү.

Биз Борбордук Комитеттин кызматкери катары ошолорго аралашып жүргөндүктөн жогорку жетекчилерге келип, “ушул улуттук маселелерди эмне үчүн Борбордук Комитет демилгечи болуп өзү колуна албайт” деген маселе коюп жүрдүк. “Компартия замандын талабын тез сезип, алдыда авангард болбойбу” деген суроолор коюлуп жатты. Тилекке каршы, коюлган суроолорго жооп айтылбай эле дымып калчу.

- Ал учурда СССР, компартия күчүндө эле Москвадан, Кремлден “улутчулдук маанайларды токтоткула, тыюу салгыла” деген буйруктар келчү беле?

- КПСС Борбордук Комитетинин расмий токтомдору, чечимдери эле келчү, жабык-жашыруун буйрук же талап келчү эмес. Кыргызстандын ички ишине кийлигишкен учурларын байкаган жокмун. Ага карабай ошол учурдагы республиканын жетекчилери мезгил чакырыгын сезип, саясаттын өзгөргөнүнө жараша, чечкиндүү чараларды көрө алган жок.

- Ошол учурда Кыргызстандын кошуна республикаларынын жетекчилери: Назарбаев, Каримов, Ниязов компартия лидерлигинен президенттикке шайланып алышты. Эмне үчүн Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары Апсамат Масалиев президент боло алган жок?

- Апсамат Масалиев жеке адамдык сапаттары мыкты, таза адам эле. Ал киши менен кийин көп жолу баарлашып калдым. Бирок Апсамат Масалиевич 1990-жылдардын башындагы саясий кырдаалды терең талдап, ага жараша адекваттуу иш алып бара алган жок. Борбордук Комитет көп маселелерде позицияларын башка коомдук уюмдарга алдырып жатты. Ал кишиде “токтогула, шашпагыла, ойлонолу, кеңешели” деген кылчактаган позициялары көп болду. Көчөдө башка турмуш болуп жатканын сезбегенине ичибиз бышып кетчү эле. Ары-бери кылчактабай, чечкиндүү кадамдарды жасаганда, эл өзү эле президент кылып алмак.

- 990-жылы октябрда академик Аскар Акаев Жогорку Кеңеш аркылуу президент болуп шайланды. Мамлекет башчыны бекиткен парламенттин токтому убагында жазылбай калган, анын себебин сизди билет деп айтып калышат, эмне болду эле?

- Ооба, 1990-жылы 27-октябрда Аскар Акаев Жогорку Советтен президент болуп шайланды, ант берди. Ал күнү парламенттин ичинде, сыртында эл көп, алардын арасында биз да дуулдап, аралашып жүрүп, анын шайланганы жөнүндө токтом жазылбай калыптыр. Түнкү саат бирде кабинетиме капысынан кирип калсам, “Советтик Кыргызстан” гезитинин журналисттери “токтомду качан бересиңер, гезитти басууга бербей кармап отурабыз” деп калышты. Мен дароо парламенттин иш башкаруучусу Мусин Орозбаевге чалып, абалды айттым. Ал дароо үйүнөн келип, экөөбүз токтомдун кыргызча, орусча варианттарын даярдап, гезиттерге, башка маалымат каражаттарына бергенбиз.

- 2005-жылы Курманбек Бакиевдин бийликке келген окуяга катышыптырсыз, кандай кырдаалда өттү, канчалык мыйзамдуу болду эле?

- 2005-жылдын 24-октябрда түштөн кийин Ак үй алынып, көчөдө, азан-казан эл кайнайт. Элди тартипке чакырганга, көзөмөлдөгөнгө бир милиция жок. Президент өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду. Ал учурда мен Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын аппаратынын жетекчиси элем. Анда уюлдук телефон деген чыгып калган, депутаттарга чалып, жыйынга чакыра баштадык. Палатанын төрагасы Алтай Бөрүбаев да келип калды. Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованы чакырдык, ал киши “премьер-министр Танаевдин отставкасы жөнүндө арызы менде” деди. Ошентип палатада 45 депутат болсо, 43ү келип катышты, мыйзамдуу бийлик орнотуу аракетин көрө башташты. Чолпон Турсуновна (Баекова-ред.) “Конституция боюнча мыйзамдуу бийлик – эл өкүлдөр жыйыны, өкмөт башчыны сиздер шайласаңыздар болот, президент жок болсо шайланган өкмөт башчы дароо президенттин милдетин аткаруучу болот” деди.

Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов чыгып сүйлөп, соттун чечими менен жаңы шайланып келген палатанын ыйгарым укуктары убактылуу токтотулду” деп калды. Анан эле премьер-министр ким болот, дешип талкуу башталды. Мына ошол убакта залга Үсөн Сыдыков Курманбек Бакиевди жетелеп кирип келди. Алардан "эмнеге келдиңер?" деп сураган жан болгон жок. Депутат Муратбек Мукашев чыгып сүйлөп, “легитимдүү бийлик биз болгондон кийин арабыздан өкмөт башчы шайлап алалы” деп калды.

Ал ортодо Үсөн Сыдыков чыга калып, “эмне эле ары-бери чаргытасыңар, мына премьер-министрге татыктуу Курманбек Бакиев отурат” деп опурулуп-жапырылып сүйлөдү. Ошондон кийин эле депутаттар Бакиевдин талапкерлигин колдошуп, премьер-министр болуп шайланды. Конституцияга ылайык ал киши президенттин милдетин аткаруучу болуп калды. Ошентип мен экинчи президенттин шайланышына байланыштуу документтерди даярдоого да катыштым.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG