Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Кудайбердиев: Инанды Бишкекте өзүн коопсуз сезген


Нурлан Кудайбердиев.
Нурлан Кудайбердиев.

Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиев Орхан Инандынын Түркияга тымызын алынып кетишине байланыштуу “Азаттыкка” маек курду.

- Бул баарыбызга күтүлбөгөн окуя болду. Бизге абдан терс таасир берди. Мындайча айтканда, "Сапат" билим берүү мекемесине, жамаатына, окуучуларына, алардын ата-энелерине, дегеле "Сапатка" тиешелүү бардык адамдарды нес кылды.

Биз биринчи күндөн тартып эле укук коргоо органдары "иш алып барып жатабыз" дегенинен, президентибиз тапшырма берип, "көзөмөлдө" деп айтканынан улам үмүттөнүп калган болчубуз. Кечээ түндө Түркиядан жанагындай жаңылык чыккандан кийин аябай шагыбыз сынып отурабыз. Бирок үмүт өчпөйт дегендей, ал киши кайда болсо дагы табылды, тирүү экенин көрдүк. Эми эмне болгон кезде дагы мындан кийин жакшыга үмүт кылып турабыз.

Билесиздер, ал Кыргызстандын жараны. Балким укуктук негизде, кандайдыр бир келишимдер аркылуу кайтып келүү жагы кандай болот, ошол жактарын биздин бийлик өкүлдөрү иштеп чыгабы деген үмүттө отурабыз.

Азыр мектептердин баары каникулда, окуучулар үйлөрүндө, мугалимдер эмгек өргүүгө чыккан. Методикалык иштер, дагы башка өзүбүздүн ишибиз толук жүрүп жатат, система иштеп жатат.

- Буга чейин аны Түркияга алып кетүү коркунучу байкалган эмес беле?

- Түркияда азыркыдай саясий кырдаал башталгандан бери эле ошондой сөздөр болуп жаткан. Башка өлкөлөрдө дагы ошондой жагдайлар болгон. Албетте, ал киши өзү деле кооптонуп, коопсуздугун карап жүргөнгө аракет кылган. Бирок эми мынчалык деңгээлде болуп кетерин балким өзү деле күтпөгөндүр.

- Буга чейин Инандыга коркутуу, эскертүү болгону тууралуу кабарыңыз болгонбу?

- Түздөн-түз коркутуу же эскертүү болгонун уккан эмесмин. Бирок биздин укук коргоо органдары балким "өзүңүздүн күзөтүңүздү жакшы караңыз" дегендей сунушун берген болушу керек. Түздөн-түз коркутуу болгонун уккан эмесмин.

- Сиз "Сапаттын" иши кадыресе уланып жатканын айттыңыз. Соңку кездери бул билим берүү мекемесине кандайдыр бир басым-кысымды байкаган жоксузбу?

- Азыр эч кандай басым-кысым жок. Тескерисинче, абалыбызды сурашып, колдоп жатышат. Билесиздер, Билим берүү министрлиги биздин негиздөөчүлөрдүн бири. Коомчулук, парламенттин депутаттары, ата-энелер, коомдук ишмерлер баары эле колдоп, "бул күндөр дагы өтөт, жакшы жагына жыйынтыкталсын" дегендей жылуу сөздөр айтылып жатат. Эч кандай басым-кысымды байкаган жокпуз, андай болбойт деп үмүттөнөбүз, ага негиз жок.

- Орхан Инандынын Түркияда тууган-уругу, жакындары барбы? Ага укуктук жактан жардам бере алышабы?

- Мен билгенден анын сегиз-тогуз бир тууганы бар. Алардын арасында юристтер, адвокаттар сөзсүз болушу керек. Алар жардам беришет деп биз ынанып турабыз.

- Туугандарынын арасынан кимдир бирөөлөр менен байланыша алдыңыздарбы?

- Жок, биз мындай жагдай болуп кетет деп күткөн эмеспиз. Балким үй-бүлөсү, жубайы байланышып жаткандыр. Эгер бизде кандайдыр бир маалымат болуп калса коомчулук менен бөлүшөбүз.

- Ушундай эле билим берүү жайларынын жетекчилерин Өзбекстандан, дагы башка өлкөлөрдөн Түркияга алынып кеткени тууралуу маалыматтар чыккан. Сиз алардын кийинки тагдырына, өкүмү кандай болгонуна кызыкпадыңызбы?

- Ошол тууралуу менде так маалымат жок экен. Биз деле аны интернеттен окуп калабыз. Малайзиядан, дагы башка өлкөлөрдөн Түркияга алып кетиптир деп биз бир-эки жылдан бери угуп жүргөнбүз. Алардын Түркияда иши сотто каралып жатканын укканбыз. Бирок кандай жагдайда каралганын, эмне болгону тууралуу так маалыматым жок.

- Ушундай жагдайлардан улам Орхан Инанды коопсуз жактарга чыгып кетүүнү караштырган эмес беле? Же ал Кыргызстан коопсуз экенине ишенгенби?

- Орхан бей Кыргызстанга, биздин бийликке, укук коргоо органдарына ишеними абдан чоң эле. Өзүн бул өлкөнүн кадыресе жараны катары алып жүрчү. Кенедей бир шек саноосу болгон эмес. Азыр деле ошондой үмүт менен отурган болушу керек.

- Инанды Кыргызстандын азыркы бийлик башчыларынын арасынан кимдир бирөө менен жолукканы тууралуу маалыматыңыз жокпу? Алар менен мамилеси кандай эле?

- Менимче, биздин жетекчилерибиздин баарынын эле балдары, туугандары бизде окуган болушу керек. Жеке мамилеси болушу мүмкүн. Бирок мен анын ким менен кандай мамиледе болгонун, жолукканын, кандай сөз болгонун билбейт экем.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG