Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Жунушалиев: Баткенге элден 120 миллион сомдой чогулду


Министрлер кабинети чек ара жаңжалындагы зыяндын көлөмүн 1,3 миллиард сом деп эсептеген.
Министрлер кабинети чек ара жаңжалындагы зыяндын көлөмүн 1,3 миллиард сом деп эсептеген.

Министрлер кабинетинин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн эсебине коомчулуктан 116 миллион сомдон ашык акча түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 2,5 миллион сомдон көп каражат чогулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев маалымдады.

“Ушул кезге чейин бул каражат сарптала элек. Ушул жумада каражатты жумшоо тартиби бекитилет. Ал акча жаңжалда жабыркагандарга жардам берүүгө колдонулат”.

Жунушалиев билдиргендей, Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта каза болгон 27 жарандын үй-бүлөсү бир миллион сомдон кенемте алды.

Чатакта жабыркаган дагы 67 үй-бүлөгө тарткан зыянына жараша 50 миң сомдон миллион сомго чейин акча төлөнүп берилди. Кенемте үчүн жалпысынан бюджеттен 51 миллион сом каралган.

Министрлер кабинети чек ара жаңжалындагы зыяндын көлөмүн 1,3 миллиард сом деп эсептеген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун билдирген. Эки өлкөдө тең окуяга байланыштуу кылмыш иштери козголгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG