Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

ЖАМК: Чыңгыз Жумагулов жакында абактан чыгат


Чыңгыз Жумагуловду кармоо учурундагы сүрөт. 2019-жыл, 11-апрель.
Чыңгыз Жумагуловду кармоо учурундагы сүрөт. 2019-жыл, 11-апрель.

Кылмыш дүйнөсүндө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун жаза мөөнөтү аяктап, жакынкы күндөрү абактан чыгарын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыкташты. Мекеме Жумагуловдун качан чыгарын так айткан жок.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Чыңгыз Жумагулов боюнча 2020-жылдын 19-июнунда өкүм чыгарган. Судья Адылбек Эсенбаев Жумагуловду Жазык кодексинин 43-беренеси ("Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү") жана 248-беренеси ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") менен коюлган айып боюнча актаган. Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча ("Ээнбаштык") менен күнөөлүү деп таап, 5 жылга кесилген. Мамлекеттик айыптоочулар 15 жылга эркинен ажыратууну суранган.

39 жаштагы Жумагулов Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шектелип 2020-жылы 11-апрелде кармалып, №1 тергөө абагына камалган. Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG