Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

"Кумтөрдүн" жамааты "Центерранын" президентине жооп берди


“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын кызматкерлери.
“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын кызматкерлери.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын кызматкерлери Centerra Gold компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перринин кайрылуусу боюнча билдирүү таратышты. Ишкана жамаатынын кайрылуусу делген билдирүү “Кумтөр Голд Компанинин” сайтына орус тилинде жарыяланды.

Анда “Кумтөр кенинин эмгек жамааты Centerra Gold компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перринин 1-июлдагы кайрылуусун иренжүү менен кабыл алышканын жана аны коомчулукту алдоо менен жоопкерчиликтен качуу аракети катары баалай турганын жазышкан.

“Биз “Кумтөрдүн” эмгек жамааты акыркы окуяларга байланыштуу парламент тарабынан кенге тышкы башкарууну киргизген чечимди жана аны аткарган өкмөттү толук колдойбуз. Аталган мыйзам акыйкат жана Кыргызстан элинин кызыкчылыгын негиздүү коргойт. Перри мырза, көп нерсени айткыбыз келет, бирок жыйынтыктап айтканда, “Кумтөрдүн” миңдеген эмгек жамааты сизди эстүүлүк менен Канаданын өкмөтүн жана дүйнөнү адаштырбастан, өкмөттүн кадамдарын каралабай, соттун акыйкат чечимин аткарып, чын ыкластан кетирген каталарды оңдойт деп үмүт кылабыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

1-июлда Centerra Gold компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын кызматкерлерине кат жолдоп, кендин айланасындагы жагдайлар боюнча жүйөлөрүн келтирген.

Перри “өкмөт кенди басып алганына бир айдан ашуун убакыт өткөнүн” белгилеп, алардын бир нече жолку сүйлөшүү аракетине карабай Кыргызстандын бийлиги диалогго келбей жатканын айткан. Centerra Gold компаниясынын президенти ошондой эле “Кумтөрдүн айланасындагы мөңгүлөрдүн эриши кен иштетилип баштаганга чейинки климаттын өзгөрүүсү менен шартталганын, бул жагдай Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн башка бурчтарындагы Альпы тоо кыркаларындагы мөңгүлөргө мүнөздүү жалпы көрүнүш экенин” белгилеген.

Скотт Перри кызматкерлердин коопсуздугу алар үчүн маанилүү экенин, кен кыргыз тарапка өткөнгө чейин коопсуздук, мониторинг жана иштетүү системалары талапка ылайык иштеп келгенин кошумчалайт.

Centerra Gold компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри 1-июнда да Кыргызстандын жалпы элине кайрылуу кат жолдогон эле.

Кыргызстан май айында “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизип, өзүнө алган. Канадалык компания бул эки тараптуу келишимдерге каршы келерин билдирген.

17-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди.

12-майда ошол кездеги депутат Акылбек Жапаров канадалык компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. Маселе парламентте талкууланып жатканда кен казылган аймактарда экологиялык жана техникалык эрежелер бузулганы, мөңгүлөр талкаланып, алтын казуудан чыккан топурак калдыктары мөңгү үстүнө төгүлгөнү, Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми "Центерра Голд" 11,5 миллиард доллар пайда тапканы айтылган. Centerra Gold мындай дооматтарды четке кагып келүүдө. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG