Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:58

Асакеева: "Сапат" билим берүү мекемеси ишмердүүлүгүн улантат


Орхан Инандынын табылышын талап кылган митинг. Бишкек. 16-июнь, 2021-жыл.
Орхан Инандынын табылышын талап кылган митинг. Бишкек. 16-июнь, 2021-жыл.

"Сапат" эл аралык билим берүү мекемеси эч кандай кырдаалга карабай, ишмердүүлүгүн уланта берерин мекеменин вице-президенти Раина Асакеева видео кайрылуусунда билдирди. Ал мекеменин президенти Орхан Инандыга байланыштуу окуя "Сапаттын" ишмердүүлүгүнө кедергисин тийгизбейт деп белгиледи.

"Сапат" билим берүү ишмердүүлүгүн Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык уланта берет. Кабатырланууга эч кандай себеп жок. Мындан ары дагы "Сапаттын" тил үйрөтүүдөгү, табигый, илимий жана физика-математикалык, Кыргызстандын жана дүйнөлүк тарых, маданиятын окутуудагы уникалдуу усулдары, ЖОЖдорго багыттоочу иш-аракеттери улана берет",-деди Асакеева.

Анын маалыматына таянсак, учурда "Сапат" билим берүү мекемесинде 2 миңден ашуун окутуучу иштейт. 10 миңден ашуун окуучу окуйт. Буга чейин 15 миңден ашуун бүтүрүүчү "Сапатты" аяктаган.

Раина Асакеева ошондой эле "Сапат" билим берүү тармагы мекеменин президенти Орхан Инандынын Түркияга жеткирилиши боюнча кыргыз бийлигинен расмий билдирүү күтүп жатканын кошумчалаган.

Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялады. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG