Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Евро-2020: жарым финалдын беттештери башталууда   


Италия командасынын машыгуусу.
Италия командасынын машыгуусу.

Европанын футбол чемпионатынын жарым финалы башталууда. Бүгүн Лондондогу “Уэмбли” стадионунда Италия менен Испаниянын курама командалары бет келет. Оюн Кыргызстан убактысы боюнча түнкү саат бирде.

Эске сала кетсек, чейрек финалда Испания Швейцарияны пенальтиден утту. Ал эми Италия чемпионаттын эң күчтүү саналган командаларынын бири Бельгияны 2-1 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Жарым финалдын экинчи беттеши эртең, 7-июлда өтөт. Анда Дания менен Англия күч сынашмакчы. Дания чейрек финалда Чехияны 2:1 эсеби менен уткан. Ал эми Англия Украинаны ири эсепте (4:0) жеңди.

Евро-2020 чемпионаты коронавирус пандемиясынан улам бир жылга артка жылдырылган эле. 24 өлкөнүн курама командасы катышкан чемпионат 11-июлда аяктайт. Бул жолу Европанын футбол чемпионатынын оюндары он өлкөдө өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG