Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:25

Ысык-Көлдө Асман деген шаар куруу долбоору жарыяланды


Асман шаары көлдүн кайсы районуна курулары азырынча белгисиз.
Асман шаары көлдүн кайсы районуна курулары азырынча белгисиз.

Бүгүн, 6-июлда президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Равшанбек Сабиров туристтик жана инвестициялык кудурети жогору аймактарды өнүктүрүүгө байланыштуу жыйын өткөрдү. Анда Ысык-Көл облусуна Асман деп аталган, жарым миллион туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоору жарыяланды.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, “экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар төрт миң гектар жерге 7-10 жылдын аралыгында курулат. Үстүнөн караганда комузга окшош болот”.

“Аталган долбоорду ар тараптан талдап, керектүү изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Министрлик-мекемелердин жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди”,-деп айтылат маалыматта.

Президенттин басма сөз кызматы долбоордун авторлору кимдер экенин тактаган эмес. Шаар көлдүн кайсы районуна курулаары, каражат кайдан алынары дагы азырынча белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG