Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:48

Хабаровск: камактагы Фургалдын уулу Мамдуманын шайлоосуна катышат


Антон Фургал. Хабаровск крайынын мурдагы губернатору Сергей Фургалдын уулу.
Антон Фургал. Хабаровск крайынын мурдагы губернатору Сергей Фургалдын уулу.

Орусиянын Хабаровск крайынын мурдагы башчысы, учурда түрмөдө отурган Сергей Фургалдын уулу Антон Фургал Мамлекеттик думага бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкерлигин коё турганын билдирди.

Ал мындай чечимге түрмөдө отурган атасы менен кеңешкен соң келген.

Эми ал талапкерлигин коё турган округдан 15 миң шайлоочунун колун топтоого тийиш. Анын айтымында, кол топтоо тоскоолдук жаратпайт.

29 жаштагы Антон Фургал мурдагы губернатордун тун уулу. Ал ЛДПР партиясынан Хабаровск шаардык думасына ат салышкан. Бирок депутаттыкка өткөн эмес. Быйыл апрель айынын соңунда аталган партиядан чыкканын жарыялаган.

Антондун атасы Сергей Фургал 2018-2020-жылдары Хабаровск крайынын губернатору болгон. Ал бийликте туруп, бийликтин кемчиликтерин ачып айтып, сындап баштаганда 20 жыл мурдагы адам өлтүрүүгө байланыштуу үйүнүн жанынан кармалып, камакка алынган.

Миңдеген колдоочулары каршылык акцияларына чыкканы менен ал сот чечимине таасир эткен эмес. Анын тарапташтары бул иште саясий боёк бар экенин айтып келишет.

Фургалды колдогон митингдер Орусиянын Ыраакы Чыгышында эң көп сандагы адам катышкан каршылык акцияларынын бири болуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG