Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:37

Назарбаев: 30 жылда Кыргызстанда эч нерсе жасалган жок


Нурсултан Назарбаев. Казакстандын биринчи президенти.
Нурсултан Назарбаев. Казакстандын биринчи президенти.

6-июлда 81 жашка толгон Нурсултан Назарбаев өзү быйылкы туулган күнү юбилейлик дата болбогондуктан өзгөчө шаан-шөкөт менен белгилебей турганын билдирген. Ага карабастан Казакстандын бир катар шаарларында анын урматына жаңы эстеликтер ачылып, белгилүү америкалык режиссер Оливер Стоундун сегиз сааттык документалдык тасмасы жарык көрдү.

Бул тасмада Нурсултан Назарбаев Кыргызстан тууралуу да айтып, “өткөн 30 жылда бул өлкөдө эч нерсе жасалган жок” деп белгилеген.

Нур-Султан шаарында мэриянын алдында Назарбаевге тургузулган эстеликти азыркы президент Касым-Жомарт Токаев ачты. Ал эстеликти ачуу аземинде Казакстандын бүгүнкү жетишкендиктеринин баар биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин эмгеги экенин белгиледи.

Назарбаевдин каршылаштары тирүү кезинде ага эстелик орноткон мындай көрүнүштөрдү анын керт башына сыйынуу катары сындап келишет.

Эстелик тургузуу алардын жеке демилгеси эместигин айткан аткаминерлер аны аксакалдар жана шаар тургундары колдогонун айтышкан.

Назарбаев Казакстанды 1990-жылдан 2019-жылга чейин башкарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG