Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2021 жума, Бишкек убактысы 00:49

Монголия "гүленчи" деген мугалимди сактап калган


Түркия. Фетхуллах Гүлендин "Хизмет" кыймылынын мүчөлөрү деген шек менен кармалгандар. Архивдик сүрөт.

Орхан Инанды түрк атайын кызматтары тарабынан уурдалып, Түркияга кайтарылган алгачкы киши эмес. 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин Түркияда 100 миңдеген киши “гүленчи” деп айыпталып түрмөлөргө түшкөн. Маалыматтарга караганда, 30дан ашууну чет өлкөлөрдөн күч менен алынып келген.

"Инандыга караганда бактылуу экенмин"

“Түнкү саат 2 жарымдарда мейманканадагы бөлмөмдүн эшигин катуу каккылашканда ойгонуп кеттим. 2017-жыл болчу. Индонезияга баскетбол мелдешине барганбыз. Менежерим “тезирээк кетишибиз керек” деп айтты. Түрк атайын кызматы мени колго түшүрүп, Түркияга жөнөтүүнү көздөгөн сыяктуу”.

АКШнын Улуттук баскетбол ассоциациясынын оюнчусу, укук коргоочу, активист Энес Кантер 11-июнда Wall Street Journal гезитине чыккан макаласын ушинтип баштаган.

Паспортун түрк бийлиги жокко чыгарып, Румынияда орто жолдо калганына карабай, “Орхан Инандыга караганда бактылуу экенмин” деген Кантер саудиялык журналист Жамал Хашогжини кармашкандай ыкма Түркиянын глобалдык кампаниясына айланганын белгилеген.

Кутум аракетине шектелип кармалган аскер. Түркия. Октябрь, 2017-жыл.
Кутум аракетине шектелип кармалган аскер. Түркия. Октябрь, 2017-жыл.

2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин түзүлгөн “Глобалдык тазалоо” (Global Purge) сайты куугунтук курмандыктарынын статистикасын жүргүзүп, ар бири тууралуу баяндап келатат.

Активисттер июндун аягында чыгарган маалыматка караганда, беш жылдан бери 144 киши Түркиянын ичинен же сыртынан уурдалып камакка алынган. Көп учурда алардын адилеттүү сотко болгон укугу бузулат.

Мындан эки жыл мурда Freedom House уюмунун Изилдөө стратегиясы боюнча директору Нэйт Шенкан трансулуттук куугунтук темасына кайрылып, Түркиянын мисалын талдап чыккан.

Укук коргоочу түрк бийлиги 2016-жылкы кутум аракетинен кийин террордук деп мүнөздөгөн кыймылдын мүчөсү дегендердин аркасынан сая түшүп, Интерполго он миңдеген арыз жолдогонун, паспортторун жокко чыгаруу өңдүү түрдүү басым кылып келгенине токтолгон.

Шенкан ошол маалдагы расмий сандарга таянып жазгандай, 21 өлкөдөн күчкө салып 104 жаранды кайтарышкан. Алардын кеминде 30 чактысы уурдалган, кээ бир учурда көчөдөн кетип баратканда машинеге отургузуп, кийин түрк атайын кызматынын жеке учагы менен алып кетишкен.

Түркияга өткөрүлгөн адамдар

Буга чейин, укук коргоочулардын санагына ылайык, түрк атайын кызматы – MIT (Milli Istihbarat Teşkilatı) Косово, Швейцария, Украина, Молдова, Казакстан, Пакистан, Азербайжан, Малайзия, Мьянма жана Габондон бир нече кишини күчтөп чыгарып кеткен.

Айрымдарына токтолсок, 2018-жылдын июлунда Азербайжанда ишкер Иса Өздемир уурдалган. Ал ушу тапта абакта сот жараянын күтүп отурат. Адам укуктары боюнча Европа соту Түркияда кыйноого туш болушу мүмкүн деген тынчсызданууга карабай, Бакудан ишкерди эмне себептен өткөрүп бергенин түшүндүрүүнү талап кылган.

2019-жылы мугалим, эл аралык билим берүү мекемесинин директору Ариф Комис Малайзияда иммиграция бөлүмү тарабынан аялы жана төрт баласы менен кошо кармалган. Ал башпаанек алуу тууралуу арызын тапшырып, БУУнун коргоосунда болчу. Малайзия бийлиги эл аралык жана жергиликтүү коомчулуктун реакциясына карабай, Комисти Анкарага өткөрүп берген. Ушу маалда мугалим абакта сотун күтүп отурат.

Өткөн айда Кенияда полиция бөлүмүндө Фетхуллах Гүлендин бир тууганынын баласы Селахиддин Гүлен дайынсыз жоголгон. Кийин анын колуна кишен салынган жана Анкарада тартылган сүрөттөрү жарыяланды. Кения соту Гүлендин экстрадициясына уруксат берген эмес.

Косоводо кармалган мугалимдерин бошотууну талап кылган окуучулар. Приштина. 29-март, 2018-жыл
Косоводо кармалган мугалимдерин бошотууну талап кылган окуучулар. Приштина. 29-март, 2018-жыл

2018-жылы мартта Косоводогу мектептерде сабак берген алты түрк жаранын уурдап, Түркияга алып кетишкен. Жакындары алар зомбулукка кабылганын айтышкан. Ошондон кийин Косовонун Чалгын кызматынын мурдагы жетекчиси, чек ара кызматынын башчысы жана Ички иштер министрлигинин жогорку өкүлүнө "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деген айып тагылган.

Монголия мугалим Акчайды Түркияга бербей койгон

Бирок түрк коопсуздук күчтөрүнө туруштук берген учур да жок эмес. 2018-жылы июлда мугалим Вейсел Акчайды Монголиянын башкалаасы Улан-Батордогу үйүнөн чыккан жеринен беш киши кармап, машинеге сүйрөп кетишкенде монгол бийлиги түрк аба күчтөрүнө таандык учакты курчоого алышкан.

Бир нече убакытка созулган тирештин натыйжасында Акчай бошотулуп, түрк агенттери деген адамдарга учуп кетүүгө уруксат берилген. Анкара ал окуяга тиешеси жоктугун айтып келди.

Түркиянын чалгын кызматынын аракеттерине буга чейин Европа өлкөлөрү да көңүл бурган. Маалымат каражаттары жазгандай, түркиялык агенттер президент Эрдогандын сынчыларын эски континенттин булуң-бурчунда аңдып, мигранттар арасында информаторлорду же маалымат чогултуп туруучу кишилерди жалдашат.

Мисалы, 2017-жылы Германияда жашаган жүздөгөн түрк жаранын Түркиянын атайын кызматы тыңшап жүргөнү ачыкка чыгып, чоң жаңжал тутанган. Кызматтын жетекчиси германиялык кесиптешине бийлик террорчу деп атаган 300 кишинин тизмесин тапшырып, алардын Гүлендин кыймылы менен байланышы бар экенин айткан.

Ал адамдардын аты-жөнү, дареги, телефон номурлары гана эмес, жашыруун камера менен тартылган сүрөттөрү да берилген. Бирок немис коопсуздук кызматынын жетекчилери буга ынанбаганын айтып, тескерисинче, ал адамдарды түрк агенттери аңдып жатышканын жарыя кылышкан.

Рейхан Инанды: Күйөөмдүн кордук көргөнүн байкадым
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:34 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG