Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:53
Орхан Инандынын жактоочулары.
Орхан Инандынын жактоочулары.

Орхан Инандынын иши: акыркы маалыматтар

Бир айдан ашуун жоголуп Түркиядан табылган Орхан Инандынын Түркиядан табылышына байланыштуу 8-июлда жоон топ адам тынчтык жүрүшүнө чыкты.

Бул күнү УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Орхан Инандынын жоголушу тууралуу журналисттерге маалымат берди.

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч органдарынын маалыматын уккан.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, президент Жапаровго төрт жолу кайрылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын 6-июлда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги жазды.

19:10 9.7.2021

Орхан Инанды Анкара шаардык полициясына өткөрүлүп берилип, тергөө изоляторунда 11-июлга чейин калтырылды. Бул тууралуу Түркиянын "Демирөрен" маалымат агенттиги билдирди.

Түркиянын жергиликтүү ЖМКлары 53 жаштагы Орхан Инандынын тергөөсү 8-июлда башталганын, адвокаты карындашынын күйөөсү Халил Ибрахим Йылмаз экенин жазышууда.

Бирок Инандыга кайсыл берене боюнча айып тагылганы так айтыла элек. Буга чейин "Анадолу" маалымат агенттиги Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын жазган.

Орхан Инандынын тарапташтарынын кезектеги акциясы, Бишкек, 7-июль, 2021-жыл.
Орхан Инандынын тарапташтарынын кезектеги акциясы, Бишкек, 7-июль, 2021-жыл.

19:18 8.7.2021

18:41 8.7.2021

Орхан Инандынын Түркияда табылышына байланыштуу жарандык коомдун нааразылык акциясы өтүүдө. Акциянын катышуучулары "Мугалим - мөмөлүү дарак", "Агартуу кызматкерлери коркунучта", "Бүгүн Орхан, эртең Кыргызстан" деп кыйкырып чыгышты.

15:58 8.7.2021

Камчыбек Ташиев: Гүлен кыймылынын масштабын биз Орхан Инанды жоголгондо көрдүк. Ага чейин маани бербептирбиз. Алардын кандай финансы булагы, адамдык ресурсу бар экенин билдик. Керек болсо айрым депутаттар, чоң кызматта отургандарды да иликтеп жатабыз.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG