Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58
Орхан Инандынын жактоочулары.
Орхан Инандынын жактоочулары.

Орхан Инандынын иши: акыркы маалыматтар

Бир айдан ашуун жоголуп Түркиядан табылган Орхан Инандынын Түркиядан табылышына байланыштуу 8-июлда жоон топ адам тынчтык жүрүшүнө чыкты.

Бул күнү УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Орхан Инандынын жоголушу тууралуу журналисттерге маалымат берди.

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч органдарынын маалыматын уккан.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, президент Жапаровго төрт жолу кайрылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын 6-июлда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги жазды.

13:30 7.7.2021

HRW Орхан Инанды боюнча билдирүү таратты

Human Rights Watch (HRW) уюмунун сайтында жарыяланган билдирүүдө, “Бишкекте жашаган түрк жана кыргыз жарандыгы бар Орхан Инанды соттун чечими жок уурдалып, Түркияга жеткирилиши эл аралык жана ички укуктарды бузду” деп айтылат.

HRW уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон “Орхан Инандынын уурдалышы Анкаранын жалпы эле мыйзамдарды жана эл аралык укук нормаларын тоготпогондугунун белгиси” деди. Уильямсон түрк атайын кызматтары Инандыны жашыруун алып кетишине кыргыз бийлиги каршы чыга алган эмес же уюштурууга катышкан деп божомолдоого болорун белгилеген.

Уюм "Кыргызстан өзүнүн жаранынын укуктарын коргоого чара көрүшү керек, Инанды медициналык кароодон өткөрүлүп, жактоочу берилип анын ишин дыкат териштирүү зарыл" деп билдирет.

13:31 7.7.2021

Рейхан Инандынын "Азаттык" радиосуна курган маеги.

13:32 7.7.2021

13:50 7.7.2021

Бир айдан ашык убакыттан бери дайыны чыкпай жаткан "Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инандынын Түркиядан табылышы бир катар саясатчы, активисттердин сынына кабылды. Анын уурдалышы мамлекеттин көз карандысыздыгына кол салууга барабар деген пикирлер айтылууда.ТИМ түрк элчиси Ахмет Садык Доганды чакырып, нота тапшырды. "Эксперттер талдайт" программасында ушул темада талкуу болду.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG