Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Антикоррупциялык кеңеш: ишкерлердин үмүтү жана күдүгү


Cадыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев
Cадыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев

Президенттин алдында Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлдү. Мунун алдында президент Садыр Жапаров бизнести колдоо максатында Антикоррупциялык кызматты жойгон. Реалдуу бийлик укуктары жок, коомдук башталышта иш алып барган кеңеш коррупция менен күрөшүүдө канчалык жардам берет?

Президент Садыр Жапаров Антикоррупциялык ишкердик кеңешин түзүп, анын башкы катчылыгына жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча эксперт Нуруйпа Муканованы дайындады.

2008-жылдан бери Кыргызстанда бир канча жолу Антикоррупциялык кеңештер ар кандай аталыш менен түзүлгөн. 2013-жылы Экономика министрлигинин, 2015-жылы өкмөттүн алдында иш алып барган.

Нуруйпа Муканова буга чейин өкмөттүн алдындагы Антикоррупциялык кеңештин мүчөсү болгон. 2011-жылдан бери көз карандысыз “Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин” төрайымы болуп иштеп келген.

Ал буга чейинки бийликтегилер сунуш, кеңештерди аткарбай келгенин, бул жолу президент саясий колдоо көрсөтүп жатканын айтат.

Нурипа Муканова
Нурипа Муканова

“2008-жылдан бери келе жатабыз. Бардык этаптардан өттүк, бизде тажрыйба бар. 2013-жылы Экономика министрлигинде түзгөндө ар бир мамлекеттик орган элге отчет берсин деп түзгөнбүз. Отчет жазганды үйрөнүп калышты. 2015-2018-жылы премьер-министрдин астында үч жыйын өткөрүп, сунуштарды бердик. Бирок жыйынтык болгон жок. Анткени премьер-министрдин эрки жок болчу. Кеңеш чечим кабыл алган менен өкмөт аткарган эмес. Эң негизгиси президенттин саясий колдоосу бар. Мен натыйжа берет деп ишенем”.

Учурда Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин жобосу гана дайын экени белгилүү болду, курамы аныктала элек.

Мурдагы Антикоррупциялык кеңештин мүчөсү, Кыргызстандагы ишкерлер бирлигинин төрагасы Аскар Сыдыков президенттин алдында түзүлгөн кеңештин кандай иш алып барары маанилүү экенин айтат.

Аскар Сыдыков
Аскар Сыдыков

“Президенттин алдында бизнести өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга багытталган аянтча сөзсүз керек. Бул кеңеш ошондой боло алабы белгисиз, бирок үмүт кылабыз. Азыр курамы белгисиз, курамынан дагы көп нерсе көз каранды. Президент бизнес менен жолугушууда бул кеңеш бизнеске жардам берет дегенден башка кандай иш болорун күтүп жатабыз”.

Комиссар менен президенттин укугу

Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы болуп дайындалган Нуруйпа Муканова президент Садыр Жапаров 2008-жылы Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттикте комиссар болуп турганда түзгөн Антикоррупциялык ишкердик кеңешти жетектеген.

Президент өткөн айда ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугуп, жакында Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлөрүн, 2008-жылы комиссар болуп турганда мындай кеңеш эффективдүү иштегенин айткан.

“Мен коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттикте комиссар болуп турган кезде бул кеңешти түзгөм. Эки жыл эффективдүү иштеген. Кийин мен иштен кеткенде бул кеңешти да жоюп салышкан. Эми жакынкы арада кайра түзүлөт”.

Анткен менен президент Садыр Жапаровдун дарегине ал комиссар болуп турганда "коррупция менен жакшы күрөшкөн эмес" деген сындар айтылып келет.

Ал президенттик шайлоо учурунда атаандаштарынын айыптоосуна мындай деп жооп берген:

“Коррупциянын алдын алуу боюнча деген улуттук агенттик кыргызча айтканда, аты улук, супарасы курук деп коет го, эч кандай укук жок болчу. Жөн гана компьютерде мониторинг жасап отурган орган болгон. Анан кантип коррупция менен күрөшөт элек? Өкмөттүн дагы мүчөсү эмес болчубуз. Азыр көпчүлүк оппоненттер ушул суроону берет. Менде эч кандай маалымат болгон эмес”.

Укук коргоочу Рита Карасартова бийлик башындагы адамдар коррупция менен күрөшүү ыкмасын карап чыкпаса, жаңы түзүлгөн Антикоррупциялык ишкердик кеңеш эч жардам бере албайт деп эсептейт.

"Бул кеңеш эмнени чечет? Коррупция менен бизнеске болгон кысым менен кантип күрөшкүсү келет деген суроолорго жооп бериш керек. Кеңеш түзүп койсо эле коррупция жоюлуп, бизнеске кысым тыйылып калбайт. Жээнбековдун тушунда кеңеш жок беле? Коррупция менен ачык-айкын күрөшүү керек. Мисалы, атайын кызматка демөөрчүлөр үй салып берип жатат дейт. Ал демөөрчү ким, акча каяктан келди? Көбү коррупция менен күрөшүү деп камоону гана түшүнөт. Отургуза калып, акча кустуруп чыгарганды күрөш дебейт. Бир сом кустуруп, жүз сом качырып жатат".

Жапаров менен Ташиевдин эки ача пикири

Өткөн айда президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы Антикоррупциялык кызматты жойгон жана бул кадамды паракорчулукту ооздуктоодогу чечкиндүү кадам, бизнести колдоо аракети катары сыпаттаган.

Бирок атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев жакында маалымат жыйынын берип жатып, Коррупцияга каршы күрөш кызматы жоюлгандан кийин анын функциясы мекеменин Өзгөчө маанилүү иштер башкы башкармалыгына ( 6-башкы башкармалык) берилгенин айтты.

“Коррупцияга каршы күрөш кызматы чындыгында президенттин жарлыгы менен жоюлду. Биз бул жарлыкты аткарабыз, аткарып койдук. Бул кызматтын функциясын 6-башкы башкармалык (Өзгөчө маанилүү иштер башкы башкармалыгы) аткарат”.

Камчыбек Ташиевдин бул сөзү коомчулукта ар кандай түкшүмөлдү жаратууда. Саясат талдоочу Айданбек Акматов атайын кызматтын башчысынын билдирүүсүн президенттин жарлыгына каршылык деп баалады.

"Муну кайсы бир деңгээлде Садыр Жапаровдун жарлыгына каршылыгын, ич ара тирешүүнүн белгиси катары көрсөк болот. УКМКда буга чейин бул башкармалык болгон. Мурдагы классикалык калыбына келди деген ойду туюнтту. Ички иштер министрлигинде дагы ушундай башкармалык болгон. Ал араңдан зорго жоюлган. Эми атайын кызмат ошол башкармалыгына коррупция менен күрөшүүнү берип, саботаж кылып жатабы деген ой кетет. Экөөнүн ортосундагы карама-каршылыктар ушинтип ачыкка чыгып калып жатпайбы".

Мурдагы вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Кыргызстандагы ишкерлердин учурдагы абалы тууралуу буларды айтты:

"Отуз жылдан бери бизнеске жардам берет, коррупция менен күрөшөт деген органдар түзүлүп эле келе жатат. Бүгүнкү күнү бизнесте бир эле талап турат, тоскоолдук кылбагыла деген. Пандемиядан улам эки жылдан бери чоң жоготуулар болуп жатат. Антикоррупциялык кызмат жоюлду дешкен, бирок 6-башкармалыкка өттү деп жатат. Биз элге белгилүү адамдарга кылмыш иши козголгонун билип калып жатабыз. Бирок кээ бир адамдардын атын колдонуп элге белгисиз ишкерлерге дагы иш козголуп жатат дегенди угуп жатам. Экономика кыйрап жатканда бизге шарт түзгөндүн ордуна кыйнап жатасыңар дегендер дагы болуп жатат. Элдин гана жашоосу эмес ишкерлердин абалы дагы оорлоп баратат".

Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нуруйпа Муканова Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин сөзүн мындай түшүндүрдү.

"Антикоррупциялык кызматтын кылмыш ишин козгоо, тергөө укуктары мыйзам боюнча Башкы прокуратурага берилиш керек. Атайын кызмат өзүнүн функциясынын негизинде коррупция, акча каякка которулуп жатат, улуттук коопсуздукка кандай зыян тийгизип жатат деген иштер менен алектене берет".

Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Антикоррупциялык кызматтын (АКС) жоюлганына байланыштуу Министрлер кабинети тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын билдирген. Атайын кызматтын коррупция менен күрөшүү функциясы Башкы прокуратурага берилери айтылган.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG