Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Нурипа Муканова Антикоррупциялык ишкердик кеңешке баш катчы болду


Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

Нурипа Муканова президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Өлкө башчынын маалымат кызматы сөз болуп жаткан ишкердик кеңеш буга чейин президенттин жарлыгы менен түзүлгөнүн билдирди.

Антикоррупциялык ишкердик кеңеш коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосунда иш алып барат. Ошондой эле, бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн шарттарды түзөт.

Нурипа Муканова буга чейин Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин төрайымы болчу. Ал Кыргызстанда жемкорлукка каршы күрөш боюнча эксперт катары белгилүү.

Антикоррупциялык ишкердик кеңеш президенттин жарлыгы менен 8-июлда түзүлгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG