Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Экинчи аял алып, той берген кишиге козголгон кылмыш иши кыскарды


Иллюстрация. 
Иллюстрация. 

Сузак районунда экинчи аял алып, той берген адамга козголгон кылмыш иши 29-июнда кыскартылганы белгилүү болду. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.

Мекеменин маалыматына караганда, тергөөнүн жүрүшүндө той өткөргөн адамдын эки аялы эки башка даректе жашагандыктан, Жазык кодексинин «Эки жана андан көп аял алуу» беренесинде каралган кылмыштын курамы аныкталган эмес. Жыйынтыгында иш өндүрүштөн кыскартылган.

Июндун башында социалдык тармактарда Сузактын тургуну жубайы менен ажырашпай туруп, экинчи аялга үйлөнгөнү, тоюнда биринчи келинчеги жана балдары аларды куттуктаганы тартылган видео тараган.

Бул окуя коомчулукта талкуу, сын жаратып, милиция фактыны Жазык кодексинин “Эки жана андан көп аял алуу” беренеси менен каттаган.

Кыргызстанда көп аял алууга тыюу салынган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG