Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Вирустан 11 киши каза болду, 19 миңге чукул адам ооруп жатат


Бишкектеги ооруканалардын бири.
Бишкектеги ооруканалардын бири.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 12-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 11 ​бейтап каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары 2 113 кишиге жетти.

Вирус акыркы бир суткада дагы 1 330​ кишиден аныкталды.

Расмий маалымат боюнча, пандемия башталгандан бери инфекцияны 140 978 адам жугузуп алды.

Бир суткада 763 адам ​ ​айыкты. Жалпы айыгып чыккандардын саны 118 771.

Ооруп жаткандар 18 934 деп эсептелди, алардын 4 694ү ооруканада, 14 420сы үйүнөн дарыланууда.

Бир суткада 42 ​медицина кызматкери ​коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 жуккан кызматкерлердин саны 5 920га жетти, алардын 5 154ү сакайды. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG