Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Грузияда активисттер өкмөттүн отставкасын талап кылышты


Грузия.
Грузия.

Тбилисиде телеоператор Лексо Лашкараванын өлүмүнө байланыштуу жекшембинин кечинде нааразылык акциясы болду.

5-июлда ЛГБТ жүрүшүнө каршы чыккандардын ур-токмогуна кабылган 37 жаштагы Лашкарава 11-июлда көз жумду. “Немис толкуну” кабарлагандай, миңдеген киши Руставели аянтына чогулуп, дүйшөмбүдөн калбай өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылышты.

АКШ жана Европа Биримдиги Грузия бийлигин операторго кол салууну иликтөөгө чакырды. Евробиримдиктин Грузиядагы элчиси Карл Карцель маркумдун жакындарына жана кесиптештерине көңүл айтты.

5-июлда ЛГБТ коомчулугунун укуктарын коргоо боюнча жүрүшкө чыккандарга жана аны чагылдырып жүргөн маалымат каражаттарынын кызматкерлерине оңчул радикалдар кол салышкан.

Алардын ур-токмогуна "Азаттык" радиосунун эки кызматкери да кабылган. Бардык техника жарактан чыккан. Полиция кызматкерлери ызы-чууга кийлигишпей, сырттан карап турушкан.

Грузиянын Ички иштер министрлиги кол салган адамдарга карата бир нече кылмыш иши козголгонун билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG