Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Тбилиси: ЛГБТ жүрүшүнө каршы акцияда сабалган оператор көз жумду


Лексо Лашкарава
Лексо Лашкарава

Тбилисиде ЛГБТ жүрүшүнө каршы чыккандардын ур-токмогуна кабылган телеоператор Лексо Лашкарава көз жумду. Бул тууралуу "Пирвели" оппозициячыл телеканалы билдирди. Телеоператорду "Позор" деп аталган бейөкмөт уюмга 5-июль күнү кол салгандар уруп-сабашкан.

Анын мээси чайкалып, бети-башы жабыркаган. Телеоператордун өлүмүнө эмне себеп болгону белгисиз. Грузиянын журналисттер коомчулугу жана оппозициячыл партиялар Лашкараванын өлүмү үчүн бийликти күнөөлөп, борбордогу Шота Руставели аянтында болгон окуялар үчүн жетиштүү чара көрбөгөнүн айтышууда.

5-июлда ЛГБТ коомчулугуна кирген адамдардын укуктарын коргоо боюнча жүрүшкө чыккандарга жана аны чагылдырып жүргөн маалымат каражаттарынын кызматкерлерине оңчул радикалдар кол салышкан.

Алардын ур-токмогуна "Азаттык" радиосунун эки кызматкери да кабылган. Бардык техника жарактан чыккан. Полиция кызматкерлери ызы-чууга кийлигишпей, сырттан карап турушкан.

Анткен менен Грузиянын Ички иштер министрлиги кол салган адамдарга карата бир нече кылмыш иши козголгонун билдирди.

18 мамлекеттин дипломатиялык миссиялары жана Евробиримдик зомбулукту айыптап, грузин өкмөтүн тынч митинг өткөрүү боюнча адамдардын конституциялык укугун сактоого чакырды.

XS
SM
MD
LG