Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:28

Футбол боюнча Европа чемпионатынын финалы өтөт


Англиялык күйөрмандар командасынын жарым финалга чыкканын майрамдап жаткан учур.

Бүгүн Лондондогу "Уэмбли" стадионунда футбол боюнча Европа чемпионатынын финалы өтөт. Британ ханышасы Елизавета Экинчи Англия улуттук курама командасына ийгилик каалаган билдирүү жасады.

Эгерде Англия чемпион болсо, дүйшөмбү күндү расмий дем алыш катары жарыялоо талабы менен 350 миң киши петицияга кол койду. Бирок өкмөт муну карап көрөбүз деп түшүндүргөн.

Европадагы 24 команда континенттин 11 шаарында алты тайпага бөлүнүп алып ойношту. Марага экинин бири болуп келген Италия баш-аягы 5 оюн ойноп, бирөөндө да утулган жок. Алгач өзүнүн тайпасында Түркияны 3:0 менен, Швейцарияны 3:0 менен, Уэльсти 1:0 менен жеңди. Андан кийин 1/8 финалда Австрияны 2:1 менен, чейрек финалда Бельгияны 2:1 менен жеңди. Жарым финалда Италия Европанын дагы бир күчтүү командасы Испания менен кез келип, пенальтинин жыйынтыгы менен 4:2 эсебинде финалга чыкты.

Финалга чыккан Англиянын курама командасы алгач Хорватияны 1:0 менен утуп, Шотландия менен тең чыгып, Чехияны дагы 1:0 менен утуп, өз тайпасынан чыккан. 1/8 финалда Англия Европанын дагы бир күчтүү делген командасы Германияны 2:0 менен жеңип алды. Андан кийин чейрек финалда ага кез келген Украинаны Англия 4:0 менен утуп, жарым финалда Дания командасын 2:1 менен жеңип, финалга чыкты.

Бул ирет Англиянын колдоочусу анын өз стадиону "Уэмбли" жана миңдеген күйөрмандары. Ал эми Италия дагы оңой команда эмес, анткени бул курама былтыркы ноябрдан бери бир да ирет утулуп көрө элек.

Италия дүйнөнүн төрт, Европанын бир жолку - 1968-жылдагы чемпиону. Акыркы жылдарда бул курама команда эки ирет 2000-2012-жылы финалга чыгып, экөөндө тең утулуп калган.

Ал эми Англия дүйнөнүн 1966-жылкы чемпиону, акыркы дүйнө чемпионатында англичандар төртүнчү орунду ээлешкен. Ал эми Европанын чемпионаттарында Англия дайыма ийгиликсиз ойноп келатат. Алар эки ирет үчүнчү гана орунду ээлешкен. Болгондо дагы ал ийгилиги мындан 25 жыл мурда катталган. Эгер Англия бул ирет финалда Италияны утса, ал биринчи ирет Европа чемпиону болуп, тарых барагын жаңылайт.

Айтмакчы, 28 жылдан бери Түштүк Американын чемпиону боло албай келаткан Аргентина финалда Бразилияны 1:0 менен утуп алды. Бул ийгилик Аргентинанын гана эмес, Лионель Мессинин да зор ийгилиги катары бааланды. (KO)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG