Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

Молдовада кезексиз парламенттик шайлоо өтүп жатат


Молдовада парламенттик шайлоо өтүп жатат.
Молдовада парламенттик шайлоо өтүп жатат.

Молдовада 11-июлда кезексиз парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага бул ирет 20 партия жана блок катышууда.

Алардын арасынан президент Майя Санду негиздеген европачыл "Аракет жана тилектешик партиясы" менен орусиячыл "Коммунисттердин жана социалисттердин блогу" башкы атаандаштар болору айтылууда.

Соңку сурамжылоолорго ылайык, алардын ар бири добуштардын 37% алышы мүмкүн. Айрым сурамжылоолор "Аракет жана тилектешик партиясы" алдыга чыгарын көрсөтүүдө. Бул партиянын жеңиши Сандуга мамлекетти европалык интеграция жолуна алып чыгууга мүмкүнчүлүк түзмөк. Ал эми мурдагы президент Игорь Додондун колдоосуна ээ блоктун жеңиши Сандунун реформалар программасын жокко чыгарып салышы ыктымал.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында парламентке 101 депутат төрт жылдык мөөнөткө шайланат. Шайлоо пропорционалдык система аркылуу өтөт, тактап айтканда, депутаттар партиялык тизме аркылуу тандалат. 2019-жылгы чейин аралаш система аркылуу өтчү. Бирок мындай добуш берүү өлкөдөн олигарх Владимир Плахотнюк качып кеткенден кийин жокко чыгарылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG