Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2021 жума, Бишкек убактысы 09:58

"Эрөөл": адам менен ажалдын күрөшү


Илюстрациялык сүрөт.

Пенде баласын аң-сезимдүү жашоосунда көп ойлонткон, акылы жетпеген чиеш маселе – өмүр менен өлүмдүн күрөшү, жарыкчылыктагы күнүнүн кыска убакыт, капыс саатта бүтүп калышы. Кыргыз аңгемесинин классикасынан фантаст жазуучу Беганас Сартовдун “Эрөөлү” жайында кеп кылуунун оролу келип туру.

Тоо тынч болчу

Аңгеме жөнжай турмуш, мемиреген табият кучагындагы адам жашоосу, жан-жаныбарлар тирилиги менен алек болгон керемет көрүнүштү сүрөттөө менен башталат. Чарчаган “тоолор уктап жатат”, “ободо жылдыздар куушуп ойноп жүрүшөт”, кертилген ай “аскага илинип калып, горизонттун ары жагына кулап кетпейин” деп карманып турат. Тынч турмушка бүлүк салгысы келген ажал жайма-жай көрүнүштү бузуп, адамдардын башына өлүм кылычын ойнотуп, кимдир бирөөнүн күнүн бүтүргүсү келип, ачуусун кимден чыгарышты билбей келаткан.

“Ал азыр өзүнүн учурдагы абалына жини келип бараткан. Турмуш деген өзгөрүлмө формула... Кезинде далайды зиркиретип, үшүн алып, өз амирине моюн сундурган Ажал азыр эрксиз туткундай. Туткундай болбогондочу...

Бир кезде керек десе бир күндө миң адамдын жанын алган Ажал азыр өлүм "кылтагын" адамдарга канча ыргытса да, аракети натыйжасыз...

Башта эмне?! Кимге көзү түшсө, дароо ага Шайтан досун жиберип, ичин, башын, жүрөгүн, болбосо башка бир жерин ооруттуруп, жедеп оорулуу начарлаганда өлүм кылычын көтөрүп, учуп жетип жанын алчу, же ар кандай катастрофаларды уюштуртуп, адамзатты жарык дүйнөдөн жок кылууга маш эле. Ошондой эле Шайтан досунун азгыруусу менен бир өлкө башка бир өлкө менен согуш баштоочу. Ок – Ажал! Кан суудай акчу...

Эмичи?! Эми, адамзаттын акыл-эси толук өлчөмдө өсүүдө. Шайтан канча азгырса да, согуш жок катастрофалар, кыйроолор болбойт. Демек, ысык кан да жок! Куюндап бараткан Ажал ачуу үшкүрдү...”

Өмүр, өлүм жана убакыт. Илюстрациялык сүрөт.
Өмүр, өлүм жана убакыт. Илюстрациялык сүрөт.

Адам өзгөрдү, илим-техника аны ушундай абалга жеткирди. Айланасында болуп жатканды, өзүн мыкты билип, жашоонун баркын түшүндү, “өмүрдү узарткан, карыны жашарткан, кишини өлтүрбөс дарыны” тапты. Жалаңдаган кылычын көтөрө чапканда боо түшүп кырылып калчу жугуштуу ооору-сыркоолордон айыгуунун дабасын тапты. Аңдыган ажал “Коммунизм” кыштагынын эң жаш адамы кечки жумуштан үйүнө келаткан Акаярды алып кеткиси келди.

Ажал үчүн карысы-жашы, бири экинчисине деле окшошпогон адамдардын кимисин болсо да капыс басып, жанын алып кетүүсү керек эле. Ажал ошентип көрүнбөй-билинбей келип бир байкушту колдон тартып башка дүйнөгө алып кетет да коёт. Бул ирет эч нерседен капарсыз жаш адамдын тамагына «Өлүм оорусунун уусун» салып, сыйыртмакка туш келген кезектеги курмандыкты күттү. Тузакка түшкөн Акаярдын көңүлү караңгылап, жаны жер тартып, чекесинен муздак тер чыгып, ал-күчтөн тайып баратты.

Беганас Сартов.
Беганас Сартов.

Ажалдын кубанычында чек жок эле. Адам канчалык илим-билимдүү болсо да ажалдын алдында бир бечара экенин сезиши керек. Мына, жапжаш адам өлүм менен өмүрдүн чеңгелинде алышып жатат. Жашоо ушунчалык кызыкпы? Акаяр өлбөстүктүн дарысын ичип, деле ажал жанына келгис болуп, өлүм деген эмне экенин билбеген жаш адам болчу, мына эми капыс келген ажал алдында алдастап, жанталашып жашагысы келип жатат. Аны таң калтырганы - ажал ушинтип эле келип алып кетиши “мүмкүн эмес эле да” деген ой болчу. Адам акыркы сааттарында аба жетишпей, колдору аба чапчып, аябай кыйналат. Акаяр да талып, өң менен түштү ажырата албай эс-мас жатты. “Бирде эсинен танып, бирде эсине келе түшүп” ою бир жерге топтолбой чабалактап, капыс келген ажалдын күчүнө, жашоонун ушунчалык морттугуна тен берип, тээ тереңдеги көңүлү гана “ички секреция бездери” сезгенип калганын туюп, кандай да болсо "ФА-63" препаратын ичиши керектигин эстеди. Бирок кантип ичет, ажал муунтуп алсыратып, колу өзүнө келбей, мээсинин тээ тереңиндеги элестер гана аны бу жарыкчылыкка байланыштырып, чабалактап турду. Кан чайыган каректери ажалдын элес-буласын көргөндө сырттан бир күч келип Акаяр өзүн карманып, болгон күчү менен ажалды көмөлөтө коюп, дарылар турчу текчеге эптеп жетти, эңсеген дарысын ичти. Адамдын акыркы сааттарындагы жанталпасына маашырланган ажал аз убакыт алаксый калганынан пайдаланган жигит “Өмүр" деп жазылган кнопканы басып калууга үлгүрдү!”.

“Коммунизм” кыштагындагы драма

Андан кийинкисин Акаяр билбейт, эс-учун жоготуп, башка дүйнөнүн тумандуу иңирине кирип баратканда үйгө дарыгерлер жетип калышкан эле. Ажал "өлүм бийин" эртерээк баштап алган экен. Акаярды алкымдан алып турган өлүм кылычы шилтенбей калды. А бирок анын тирүү дүйнөгө кайтып келиши кыйлага созулду. Кез-кез кыңкыстаганы болбосо эч нерсени сезбей, денеси оор тартып, башка бир дүйнөгө адашып кирип алып, андан чыга албай катуу кыйналды, күрүлдөгөн-шарылдаган жашоо-өмүр алыста калып, артка кайтуу кыйын экен, ортодо чайпалып турду. Жаш жигитти ажалдын чеңгелинен сууруп алып калган илимпоз дарыгер Апыш алдыда дагы бир чоң күрөш турганын, ажал менен өмүрдүн эрөөлү эми башталарын билчү:

"...Өлүмдүн уусу ички организмдин бир кыйла бөлүгүн, ошондой эле секреция бездерин бузуп, нормалдуу иштөө процессин кыйындатып жиберген. Эгер адам "Медициналык текчедеги" "ФА-63" препаратын ичип жибербегенде, чоң коркунуч туулмак. Ажалдын өлүм уусу ички бездерди кайра калыбына келгис кылып иритип, ички "дүйнөнүн" иштөөсүн токтотмок. Бирок, бул ишке ашкан жок. Анткени, медицинанын жаратылышка үстөмдүк кылган доорунда "ФА-63" препаратынын ролу ушул организмге биологиялык өлүмдү кечеңдетип, жараксызданган клеткаларды жасалма жандандырып, кайра калыбына келтирип турган. Мына, ушундай негиз менен Адамдын өмүрү корголуп калды. Эми келе турган коркунучтарды болтурбоо – дарыгердин милдети!".

Дарыгер Ажалдын дагы эле Адамды аңдып турганын сезип, "өлүм белгиси адамдын организмине кайра кирбесин үчүн" эмне кылуу жөнүндө өзүнө өзү суроо берди. "Албетте , баягы өзүм түзүп жүргөн приборду реконструкциялай коюшум керек экен!", – деп ойлоду ал, оюна түшө калган бир кызык формуланы көз алдына элестетти.

Дарыгер аз убакытка сыртка чыгып кеткенден кийин аңдыган ажал менен жаш адамдын күрөшү дагы күчөдү. Илимпоз жаңы медициналык дарысына ишенчү. Аңдыган ажал өлүм менен өмүрдүн ортосунда эс-мас жаткан адамды биротоло караңгылыкка, кызгылтым туман түс дүйнөгө алып кеткиси келген. Акаяр ажалдын демин сезип, канчалык оор, кыйын болсо да керебеттин жанындагы тумбочкада турган "ФА-63" дарысын ичип жиберип, жаны кичине сеп ала түштү. Эми көркоо ажал аны дегдеңдетип жетелеп кетпестигин ойлоп, кадыресе кубаттанып калды. Жан деген ушунчалык ысык, аны баалоо, барктоо, дегеле тирүүлүктүн өзүнүн асылдыгын, ыйыктыгын бекем сактоонун зарылдыгын мына ушул азыр сезди. Аны баалабаган жерде ажал каалаганын жасайт тура. Адамдар өзү аракет кылышпаса, жашоого жан дили менен берилип, анын баасын билмейин өмүр дегениң бекерге өтүп кетчү бир убакыт экен, анын ар бир мүнөтүн, саатын, күнүн, айын, жылын баалап, ага этият мамиле кылганда гана жашоо-турмуш көркүнө чыгып, тирүүлүктүн барк-баасы аныкталат окшобойбу. Бул ирет ажал Акаярдын мээсине пенде балдарынын көбү жете албай жүргөн бир акыйкатты куйду.

“Адам баласы илим-билиминде канчалык улуу ачылыштарды жасабасын, баары бир, ал табигаттын закондуу ишине моюн сунууга аргасыз! Анткени, жаратылыштын "Закон ченемдүүлүгүнүн" формуласы ошондой. Бул бузулбас буйруктуу иш, абсолюттук духтун чындыгы! Анын режимин бузууга Адам сындуу макулук эмес, Турмуштун өзүнүн да кубаты жетпейт...

Ырас, мен бир нерсени моюнума ала алам. Ал Силер – Адамдар, азыр стихиянын, жаратылыштын үстүнөн бийлик кыла баштадыңар. Бирок, мунуңар убактылуу көрүнүш: чын, Силер ушунчалык ажайып иштерди жаратып жатасыңар, анткен менен бир кезде артыңарды кылчайып карап, кылган ишиңерди Жер көтөрө албай, өз огунан чыгып баратканын көрүп, өз кылганыңарды өзүңөр билбей, түшүнүгүңөр жетпей, акыл-эсиңерден адашасыңар да, аң-сезимиңерге түн чөгүп, жашооңорго бүлүк түшөт. Ошондо менин үстөмдүгүм калыбына келет. Ана, ал учурга аз калды! Ал күн келет...

Ажалдын “ар кандай материя акыры жок болууга, адамдар өлүүгө тийиш!” дегенине Акаярдын так жообу жок болчу, табият мыйзамын ким өзгөртүп ийсин. А бирок адам өзүнүн акыл-эси, сезим-туюму менен тааныган табияттын сырлары менен жасап алгандары аны көп нерселерден сактайт, бейчеки өлүмдөн капыстан эле кырылып калуулардан коргойт. Ажал менен адамдын аягы көрүнбөгөн кармашы, өмүр менен өлүмдүн ит жыгылыш күрөшү токтолбойт го. Айры бут адам баласынын койну кең жаратылыштагы көргөн-бакканы – кең дүйнөнү таануу. Ириде ички дүйнөсүн, анан сырткы дүйнөнү таанып, адам опсуз чоң мүмкүнчүлүктөргө жетишти, а бирок анын кендирин кескен биологиялык өмүр жашынын чектүүлүгүн өзгөртө албады. Азырынча фантаст жазуучулар гана өлбөстүктүн формуласын таап, табияттын бир бүртүгү болгон адамды кыялында гана түбөлүк жашай берчү жандыкка айлантууда.

Беганас Сартовдун “Эрөөл” аңгемесинде адам менен ажалдын күрөшүнө шайтан кийлигишип, алгач табият тарабы үстөмдүккө ээ чыкса, ошол кезде палатага кирип калган илимпоз Апыш устаттын жаңы приборунун жардамы менен ажал, шайтан жеңилип, илимдин кубат-күчү даңазаланат.

“Бир кезде Дарыгер олуттуу боло калып, улуу сахнада коюлуп жаткан драманын акыркы монологун айтты:

– Доордон-доорго серпилген Адамзаттын аң-сезими өз жемишин бере баштады. Мезгил өтөт. Адамдар илим, техникасын өркүндөтүп, кажыбас иштиктүү зор эмгеги менен дүйнөнү, жаратылышты түп-тамырынан бери өзгөртүп, өзүнө ыңгайлуу кылып кайра куруп чыгат. Кура да баштады! Ошондой! Адамдар болбогонду болтурат. Ойго келбеген фантастикалык укмуштарды чындыкка айландырышат. Ооба! Бул ааламда Адамдан Улуу, Адамдан Күчтүү, Ыйык, Бийик, Акылман эч бир зат жок! Табигаттын стихиясын Адамзат башкарат!

Бул сөздөр Ажал менен Шайтанга ушунчалык катуу тийсе да, унчугууга кудуреттери жетпеди. Алар өздөрүнүн сыйкырдуу сапаттарынан ажырап, кандай күчкө кармалып турушканын билишпей эс-мас болчу. Аларга Аалам астын-үстүн түшүп, материянын улуу кыйрашы башталгандай эле. Алар Адам акылынын жеңиши, илим жемиши – илимпоз-дарыгер реконструкциялаган киберэлектрондук магниттештирилген прибор бөлмөдө жасалма гравитациондук талааны түзүп, вакуумда аркан-жипсиз кармалып турушканын билишкен жок! Алар баш катырып гана өздөрүнүн азыркы абалдарына аң-таң эле... Аң-таң эле!..

Адам акылынын тереңдигин, жашоо-өмүрдүн философиялык мазмунга ширелген албуут агымын көркөм кыял менен фантазияга жууруп жасаган аңгеменин кыскача сюжеттик устуну ушундай.

Бул керемет чыгармасын Беганас Сартов 1963-жылы март айында, дене, акыл күчү баралына толуп турган 18 жашында жараткан. Өкүнүч менен белгилей кетчү дагы бир жагдай, тооруган ажал таланттуу жазуучуну 33 жашында алып кеткени. Антип бу жарыкчылыкты эртелеп таштап кетпесе Беганас Сартовдун жарата тургандары көп эле. Жадырап-жайнап бар дүйнөсүн ачык кармаган сүрөткердин фантастикалык чыгармалары ушу азыр деле кызыгуу менен окулат.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG