Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:03

1916-жылга тарыхчылардын жаңы көз карашы


1916-жылдагы көтөрүлүштү Орусиянын оторчул аскерлери ырайымсыздык менен баскан

Мындан 105 жыл илгери Түркстандагы жана Сибирдин айрым жерлеринде 19 жаштан 43 жашка чейинки эркектерди оорук ишине тартуу боюнча орус падышасынын жарлыгынан кийин Борбор Азияда жана казак талааларында көтөрүлүш башталды. Ал Орусиянын оторчул аскерлери тарабынан ырайымсыздык менен басылып, жазалоочу аскерлерден качкан кыргыздар менен казактар Кытайга жер оодарып кетүүгө аргасыз болгон.

Орто Азиядагы көтөрүлүштүн себеби эмне? Жазалоочу аскерлердин колунан канча киши набыт болгон? Эмне үчүн бул теманы изилдөөдө Казакстанга караганда Кыргызстан өзгөчө маани берет? Эмнеге соңку жылдары Орусиянын өзүндө көтөрүлүштү “жалпы трагедия” катары көрсөтүп жатышат?

“Азаттыктын” казак кызматынын суроолоруна Оксфорд университетинин илимий кызматкери, британдык тарыхчы Александр Моррисон жооп берди.

Британ тарыхчысы 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Орто Азиядагы орус оторчулугу тууралуу изилдеген. “1916-жылдагы Борбор Азиядагы көтөрүлүш: согуш жана ыңкылаптар заманында кулаган империя” (The Central Asian revolt of 1916. A Collapsing Empire in the Age of War and Revolution) аталган эмгектин редакторлорунун бири.

Көтөрүлүштүн негизги себеби - жер маселеси

“Азаттык”: Орус падышасынын 1916-жылдын 25-июнундагы жарлыгынан кийин Орто Азияда көтөрүлүш башталды. Алгачкы каршылык жүрүштөрү бир нече күндөн кийин Кожентте (азыркы Тажикстан) дүрт этти. Ири толкундоолор 12-июлда Жизакта (Өзбекстан) болуп, эки аптага созулду. Август айында казак менен кыргыздар көп отурукташкан Жети-Сууга жайылып, сентябрда тургай казактары башында турган жакшы уюшулган көтөрүлүшкө өсүп жетти. Көпчүлүк тарыхчылар буга падышанын жарлыгы шылтоо болду деп эсептейт. Бирок анын башка дагы олуттуу себептери бар. Сиздин пикир кандай?

Александр Моррисон: Менимче, көтөрүлүштүн түздөн-түз себеби болгон жарлык менен буга алып келген башка көйгөйлөрдү айырмалап караганыбыз туура. Эгерде 1916-жылдын жайында Борбор Азияда баардыгы жакшы болсо, анда эл падышанын жарлыгына каршы чыкмак эмес. Буга кыска жана узак мөөнөттүү факторлор таасирин тийгизди. Орто мөөнөттүү фактор – Биринчи дүйнөлүк согуштун таасири. Андан сырткары падышанын жарлыгына чейин, мурунку 50 жылдык колониялык башкарууга салыштырганда, элге болгон талаптар күчөп олтурду. Салык көбөйүп, элдин мал-жандыктарын алышып, айрыкча армияга казак менен кыргыздардан жылкы алышкан. Согуш бүткүл Орусия империясына катуу сокку урду. Анын таасири менен Борбор Азияда азык-түлүккө болгон баалар өстү. Бул айрыкча пахта өндүргөн аймактар үчүн өтө маанилүү фактор болгон.

Мамлекет пахтаны өзү каалаган баада сатып алуу үчүн монополия киргизүүгө аракет кылат. Пахта өндүргөн аймактарда дан жана башка азык-түлүк өсүмдүктөрү өндүрүлгөн эмес. Ошондуктан дыйкандар азык-түлүк сатып алышы керек болчу. Ал эми азык-түлүккө болгон баа тездик менен өсүп кетти. Көтөрүлүштүн табиятын карасаңыз, Жети-Сууда эң айыгышкан мүнөздө болгон. Түркстандагы калк отурукташкан аймактардагы - Коженттеги, Жизактагы, Ферганадагы башаламандыктар тез эле басаңдап, бирок Жети-Сууда, андан кийин Тургайда уланды. Орусиянын европалык бөлүгүнөн дыйкандардын ушул аймакка көчүрүлүшү - Жети-Суудагы көтөрүлүштүн негизги кыймылдаткычы болгону анык.

Көчүрүү процесси 1880-жылдардан тарта башталган. Бирок анчалык деле чыр-чатактарды пайда кылган эмес эле. Анткени келгиндер саны аз эле жана алар негизинен стратегиялык жолдорго жакын отурукташкан болчу. Согуштун алдындагы он жылдыкта, 1905-1906-жылдары бул процесс өтө тез жүрдү. Мурда-кийин Түркстанда иштебеген Борбордук өкмөттүн Көчүрүү дирекциясы өзүнүн өкүлчүлүктөрүн ачып, Жети-Сууга орус дыйкандарын көчүрө баштады. Кыргыз менен казакты отурукташкан эл катары карап, жерлерди ошого карап аныкташкан. Албетте, бул жерди бөлүштүрүүнүн орой ыкмасы болгон. Жер тилкелери ар түрдүү: түшүмдүү, түшүм бербеген жер, кайракы, сугат, ошондой эле жайлоо жана кыштоо жерлер эле. Бийик тоолуу аймактардан түздүктөргө отурукташкан көчмөндөргө экөө тең керек болчу.

Иш жүзүндө Көчүрүү башкармалыгы кыргыздар менен казактар отурукташып алган жерлерди ашыкча ареалдар катары аныктайт. Ал мезгилде казактар менен кыргыздар кыштоолоруна там салып, эгин айдап, отрукташа баштаган. Көчмөндөр отурукташканга ылайыктуу эсептеген жерлерди жөн эле тартып алып, келгиндерге берип коебуз деген мамиле болгон. Анын кесепети көптөгөн чыр-чатактарга алып келди. Түркстандагы жергиликтүү башкаруучулардын көбү муну түшүнүп, каршы болгон. Алар мунун арты ажырым жана зомбулукка алып келерин жакшы билген. Бирок алардын пикири менен эсептешпей туруп эле көчүрүп келүү программасын ишке ашырышат. Ошентип Верныйдын чет жакасына, Пишпек жана Пржевальск округдарында отурукташтыруу интенсивдүү жүрдү. Мына ушул жактарда көтөрүлүш айыгышкан мүнөздө болду.

Доор алмашкандагы көз караштар ​

“Азаттык”: Көтөрүлүш ар кайсыл тарыхый мезгилдерде ар кандайча мүнөздөлгөн. Коммунисттик бийликтин тушунда Борбор Азиянын эли Орусиядан көчүп келгендер менен чогуу падышалык бийликке каршы чыккан деп, “таптык күрөш” катары каралды. Союз ыдырагандан кийин жергиликтүү тарыхчылар көтөрүлүшкө улуттук боштондук кыймылы катары баа бере баштады. Бул суроого батыш изилдөөчүлөрүнүн мамилеси кандай?

Британдык тарыхчы Александр Моррисон
Британдык тарыхчы Александр Моррисон

Александр Моррисон: Тарыхчылар арасында, өзгөчө батышта Советтер Союзунун учурунда бул тема изилденген эмес деген миф бар. Буга кошула албайм. Анткени бул тема өзгөчө 1920-1930-жылдары активдүү изилденген. Дал мына ушул мезгилде кызыктуу изилдөөлөрдү камтыган тарыхнаама түзүлгөн. Маселен, Турар Рыскуловдун эмгектери. Ооба, идеологиялык бурмалоолор бар, бирок Рыскуловдун талдоосун танууга болбойт.

Ошол кезде көптөгөн документтер "Красный Архив” сыяктуу журналдарга жарыяланган. Анткени 1916-жылдагы көтөрүлүш “Орто Азияда 1917-жылы Петрограддагы окуяга чейин эле ыңкылаптык салт болгон” деген жүйө үчүн жакшы далил болгон. Башкача чечмелене баштаган учур 1930-жылдардан башталды. 1920-жылдары бул окуяны антиколониалдык жана антиорусиялык атап, Борбор Азиядагы падышанын саясатын сынга алууга болот эле. Бирок 1930-жылдары идеологиялык алкак өзгөрүп, мындай аргументтерди жылдыруу татаалдашты.

Бул окуялар оторчулукка каршы гибриддик көтөрүлүш катары карала баштады. Ошол эле маалда анда улуттук өздүгүн калыптандыруунун элементтери бар эле. Демек, “Улуттук боштондук кыймыл” деген аталыш мына ушул жактан чыгат. Мындан таптык чыр-чатактын элементтерин да көрүштү. Мунун баарын бирдиктүү аныктамага келтирүү өтө кыйын болду. Натыйжада, тарыхчылар көчүп келгендерге кол салууну “кулактарга кол салуу болгон” деп айта баштаганын көрөбүз. Башкача айтканда, аларга орус болгондугу үчүн эмес, бай болгону үчүн кол салышкан дейт. Бул туура эмес.

Көтөрүлүштүн табияты мындан да татаал. 1880–1890-жылдары түпкүлүктүү эл менен “эски жашоочулар” аталган келгиндердин мамилеси кийин көчүрүлүп келгендерге караганда бир топ дурус эле. Анткени кийин көчүрүлүп келген дыйкандар өздөрүнүн үлүшүн албай, кыргыздар менен казактарга таандык жерлерге отурукташкан. Дал ушулар жазалоочу отряддардын катарында туруп, көтөрүлүштү ырайымсыздык менен басууга катышкан. Албетте, отурукташкандар зордук-зомбулукка барган деген марксистик чечмелөөгө каршы келген. Ошондон бул түшүндүрмө жокко чыгарылды.

Мунун ордуна алар улуттук көтөрүлүш, бир жагынан казактар менен кыргыздардын, өзбектердин революциялык аң-сезимин калыптандырган, экинчи жагынан бул таптык мүнөздө болгон деп түшүндүрүштү. Жергиликтүүлөр орус дыйкандары менен биригип, падышачылык режимге, оторчул бийликке, байларга каршы чыгышкан деп чечмеленди. Бирок бул айрым жерлердеги көтөрүлүштүн мүнөзүнө каарманча каршы келет. Аларды жергиликтүү элита башкарган учурлар бар. Кээ бирлеринде көтөрүлүшчүлөр тыл иштерине жумушчуларды тизмелеген жергиликтүү төбөлдөргө кол салышкан. Анткени тизме түзгөн пара алган учурлар көп болгон.

Постсоветтик мезгилде Борбор Азия өзүнүн жазма тарыхында конфликтти таптык деп аныктоодон баш тарткан, бирок улуттук элементин сактап калды. Бул кандайдыр бир деңгээлде алдыга кадам деп айтсак болот. Маселе, өткөн мезгилде жарала элек же болбосо жаңыдан пайда болуп жаткан улуттук иденттүүлүккө жалгашуунун уланышында. Эгерде Жети-Суунун бир бөлүгүндө кыргыздар, ал эми экинчи бөлүгүндө казактар өздөрүнүн улуттук-боштондук кыймылын түзүштү десек, анда бул көтөрүлүштүн табиятын түшүнүүгө жардам бербейт. Анткени кыргыздар менен казактар бир гана себептен улам баш көтөрүшкөн – орус келгиндерине жана падыша жарлыгына каршы.

Көтөрүлүш учурунда бул топтордун ич ара байланыштары болгонун билебиз. Казактар жарым-жартылай баш көтөрүшкөн. Себеби, маалыматты кыргыздардан алышкан. Акыркы он жыл аралыгында ушул темада көптөгөн макалалар жарыялангандыгы көңүлдү бурат. Алардын бири Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия, Жапония, Италия, АКШ, Франция, Германия жана Британиянын тарыхчыларынын биргелешкен эмгеги болду. Мен анын редакторлорунун бири болчумун. Аны жазып жатканда биз кандайдыр бир деңгээлде көтөрүлүш ошол доордун адамдарына кандай көрүнгөнүн түшүнүүгө аракет кылдык. Жергиликтүү тилдеги булактарды кеңири пайдаландык.

Бул Орусиянын архивдерин төгүндөө үчүн эмес, көтөрүлүш анын күбөлөрүнө кандайча көрүнгөнүн түшүнүү үчүн керек болду. Демек, 1920-жылдардагы поэзия жана оозеки адабият көтөрүлүштүн катышуучулары үчүн анын мааниси кандай болгонун түшүнүүгө жардам берет. Маселен, Үркүн трагедиясын алалы, кыргыздар Кытайга качууга аргасыз болгон. Бул окуялар кыргыздын улуттук өзүн таанып-билүүсүн калыптандырууда өтө маанилүү. Менин пикиримде, Жети-Суудагы көтөрүлүшкө караганда мыкты уюшулган Торгай көтөрүлүшүнө дагы тиешелүү. Анда так саясий талап, альтернативдүү саясий структураны түзүү аракети болгон.

Орусияда көтөрүлүштү чечмелөө дагы эле саясатташкан. Муну кесиптештеримден улам билем. Алар 2016-жылы Борбор Азиядан, айрыкча Кыргызстандан келген баянды төгүндөө үчүн конференцияларды өткөрүүнү тапшырышты. Орусияда муну эки түрдүү чечмелешет. Бири аскер тарыхчысы Андрей Гарлиндин катаал чечмелөөсү. Анын айтымында, “көтөрүлүш согуш мезгилиндеги жийиркеничтүү чыккынчылык иш-аракеттери болгон жана анын артынан кыргыздар менен казактар көчүп келген бейкүнөө кишилерге кол салып, зордук-зомбулук көрсөткөн. Муну токтотуу керек болчу, ага көңүл бурбай коюуга болбойт эле”. Экинчи чечмеленишинде “көтөрүлүш жалпы баарыбыз үчүн трагедия” дегенге басым жасалат. Башкача айтканда, буга мамлекеттин чабал болгону себеп, бирок эч ким айыптуу эмес.

Мында эки тараптын жоготууларын эске алынбайт. 3,5 миңдей орус набыт болгон. Жети-Сууда канча кыргыз жана казак каза тапканын так билбейбиз, кеминде 150 миңдин тегерегинде. Кишилей жоготуулар ортосундагы айырма өтө чоң жана муну “жалпы трагедия” деп айтууга болбойт. Бир тараптын зомбулугу үстөмдүк кылган. Бул ошол доордогу колониялдык кырдаалды чагылдырып турат.

“Орусия “колониализм” сөзүн мазактоо катары кабыл алат” ​

“Азаттык”: Эмне үчүн Орусия буга чейинки айтылгандарга каршы?

Александр Моррисон: Менимче мунун артында саясий себеп бар. Анткени көтөрүлүштү басууну геноцид катары караган топтор бар. Бирок бул дагы окуяны баалоого жардам бербейт. Көтөрүлүштү басылышын геноцид болгон деп ойлобойм. Мындай айыптоолор талкууларга чекит коюп салышы мүмкүн. Орусияда дагы бир маселе бар – “колониализм” деген сөзгө элдин дагы, бийликтин да итиркейи келип турат. Алар бул сөздү мазактоо катары кабыл алышат.

Мен “Орусия колониялдык империя” болгон десем, бул өлкөгө же анын калкына жабылган жалаа эмес да. Британия деле колониялдык империя болуп турган. Орус оторчулугу (колонизми) өзгөчө ырайымсыз болгон деп айта албайм. Иш жүзүндө 1916-жылдагы зомбулук бир эле Орусия мамлекети үчүн мүнөздүү эмес эле. Чынында [Орто Азияны] басып алуу учурунда массалык өлтүрүү, айрыкча түркмөндөрдүн кыргыны болгон. Бирок эл аралык стандарттар боюнча Орусиянын Борбордук Азияны басып алышы француздардын Алжирди басып алуусуна окшоп ырайымсыз болгон эмес. Британ оторчулугуна салыштырмалуу, Орусиянын оторчулугунда экономикалык эксплуатация болгон эмес. Демек, бул жерде Орусияны “жаман” жана Европадагы башка колониялдык империяларга караганда коркунучтуу деп айтуу ниети жок. Экөөнүн ортосунда белгилүү бир окшоштук бар деп гана айтып жатабыз.

Ошол кездеги орустар өздөрүнүн Борбор Азиядагы аракеттерин Индиядагы англиялыктардын же Түндүк Африкадагы француздардын аракеттерине окшош деп эсептешкен. Анткени бул Европадагы типтүү колониализм болгон. Бирок айрым өзгөчөлүктөрү бар. Британиялыктар расалык жактан обочолонгон, орустар үчүн дин маанилүү эле. Бүгүнкү күндө Орусия тарыхый чечмелөөлөргө каршы. Анткени бул анын Евразия экономикалык биримдигинин мүчөлөрү болгон Казакстан жана Кыргызстан менен болгон мамилесине көлөкө түшүрүшү мүмкүн.

“Азаттык”: Сиз Орусиянын Борбор Азияны басып алышында Индияны Улуу Британия же Франция Алжирди басып алгандагыдай ырайымсыздык болгон эмес деп айттыңыз. Бирок Орусиянын оторчулук режими 1916-жылдагы көтөрүлүштү басуу менен этникалык тазалоону жүргүзгөнү айдан ачык. Муну Алжирдеги жана Индиянын түндүк-батышындагы зордук-зомбулукка салыштырса болобу? Орусиянын колонияларга жасаган мамилеси европалык колониялык режимдер тарабынан жасалган зомбулукка барабар деп айта алабызбы?

Александр Моррисон: Менин көз карашымда бул көтөрүлүштөгү зордук-зомбулукту эң ырайымсыз зордук-зомбулукка салыштырса болот. Бул Африканын түштүк-чыгышындагы гереро уруусуна карата кыргын менен бирдей болбосо дагы 1920-жылдагы Риф согушунун жүрүшүндөгү Мароккодо болгон окуяга салыштырууга болот.

“150 миңдей киши каза тапкан” ​

“Азаттык”: Сиз көтөрүлүштү күч менен басканда зомбулуктан канча киши набыт болгону белгисиз деп айттыңыз. 1916-жылдагы көтөрүлүштү, ыңкылап жана жарандык согушту иликтеген италиялык тарыхчы Марко Буттино "Жети-Сууда 150дөн 270 миңге чейин киши кырылган" деп жазат. Жазалоочу аскерлердин колунан набыт болгондор саны боюнча далилдүү маалыматтар барбы?

Александр Моррисон: Бул жердеги маселе ошол так маалыматтардын жоктугу. 1917-жылдагы эл каттоо белгисиз себептер менен аягына чыкпай калган. Буттинонун маалыматтары салык отчетторунан алынган. Бирок бул так сандар деп айтууга болбойт. Бул сандар набыт болгондордун эмес, дайынсыз кеткендердин санынан кабар берет. Башкача айтканда, бул маалыматтарга караганда согуштан кийин Жети-Суудагы калктын саны күтүлгөндөн 270 миңге аз болгон. Алар кайда житип кетти? Алардын айрым бөлүгү Кытайга качып өтүп, артка кайткан эмес.

Көтөрүлүш, ыңкылап, жарандык согуш төрөлүү көрсөткүчүнө терс таасирин тийгизди. Ошондой эле ошол кезде Борбор Азиянын чоң аймагында ачаарчылык болуп, көп киши каза тапкан. Ошондуктан биз канча киши өлгөнүн, Кытайга бара жаткан жолдо канчасы кырылганын билбейбиз. 150 миң киши набыт болгон деген болжолдуу сан бар. ​ Бирок бир нерсе айдан ачык, көтөрүлүш жана ыңкылап жылдары Борбор Азиянын демографиялык абалына өтө оор сокку урган. Калктын үчтөн бири жок болгон.

“1916-жылдагы Борбор Азиядагы көтөрүлүш: согуш жана ыңкылаптар заманында кулаган империя” (The Central Asian revolt of 1916. A Collapsing Empire in the Age of War and Revolution) аталган эмгек
“1916-жылдагы Борбор Азиядагы көтөрүлүш: согуш жана ыңкылаптар заманында кулаган империя” (The Central Asian revolt of 1916. A Collapsing Empire in the Age of War and Revolution) аталган эмгек

“Азаттык”: Жазалоочу топтор канча козголоңчуга каршы турганы тууралуу маалымат барбы?

Александр Моррисон: Буга дагы толук кандуу жооп жок. Алматы менен Бишкектин архивдеринде иштеп жүрүп, мен өз-өзүнчө кээ бир окуялар тууралуу маалыматтарды таптым. Маселен, 200 аскерден жана келгиндерден турган жазалоочу отряд 70 кишини өлтүргөнү тууралуу маалыматы таптым. Бирок картина толук болуш үчүн архив маалыматтарды системалуу изилдеп чыгуу зарыл. Маселенин дагы бир жагы, көпчүлүк окуялар архивде таптакыр эле катталган эмес. Себеби, архивге жазылышы үчүн “адам өлтүргөн” деп айыпталгандар сот жообуна тартылышы керек болчу. Бирок эч кимди соттошпогон сыяктуу. Териштирилген өзүнчө окуялар бар, бирок алардын саны аз. Ошондуктан маалыматтар ар дайым болжолдуу болот. Биздин баамыбызда Тургайдагы Жанбосыновдун көтөрүлүшүнө 40-50 миңдей киши чыккан. Жети-Суудагы көтөрүлүшкө чыккандар мындан аз болушу деле мүмкүн, бирок так маалымат жок.

“Азаттык”: Көтөрүлүштүн кесепеттери тууралуу эмне айта аласыз? Көтөрүлүш басылгандан кийин дагы жергиликтүү калкка зомбулук уланганы айтылып келет. Казак тарыхчылары 1917-жылдын кыш айында Жети-Сууда бир нече жылга созулган ачарчылык болгонун ырасташат. Сиз башка кандай кесепеттерин айта аласыз?

Александр Моррисон: Жети-Суу дан сактоочу кампа болгон, мындайча айтканда Түркстандын буудай кампасы болгон. Ал жерде жергиликтүү керектөө талап кылгандан көп дан эгилген. Бул жерде өндүрүлгөн буудай пахта менен алектенген аймактарга жөнөтүлмөк. Согуш башталганда орустар Жети-Суу темир жолун куруп баштайт. 1916-жылы Олуя-Атага чейин жеткен. Темир жол Жети-Суу менен Борбор Азиянын пахта өндүргөн аймактарын байланыштыруу керек болчу. Бирок согуш маалында курулуш токтоп калды. 1916-жылдагы көтөрүлүш Жети-Суудагы буудай өндүрүшүн солгундатты. Бирок анда кырдаал бүлгүн түшүрө тургандай коркунучтуу эмес эле. 1917-жылы абал оордошту. Аймакта катуу ачарчылык башталды.

“Алсыз колониалдык режим” жана “совет бийлигинин амбициясы” ​

“Азаттык”: 1916-жылы казак эли оторчулук режимге каршы чыккан. Системага каршы күрөш падыша өкмөтү кулап, совет бийлиги орногондон кийин дагы уланган. Кайсынысына көбүрөөк каршылык болду?

Александр Моррисон: Бул татаал суроо. 1916-жылдагы көтөрүлүштүн соккусу өтөр оор болду. Эгерде Орто Азиядагы Орусиянын 50 жылдык оторчулугунун мезгилин карасак, колониялык режим өтө алсыз болгонун көрө алабыз. Ал саламаттык сактоого, билим берүүгө жана адамдардын жашоосун жакшыртууга эч кандай аракет кылган жок. Экинчи жагынан, колониялык режим бийликти борборлоштурууга аракет кылган эмес. Дин иштерине кийлигишкен эмес. Ал ушунчалык алсыз болгон, кишилердин жашоосуна кийлигишип, аларды башкара алган эмес деп айта алабыз.

Ал эми Советтер Союзунун амбициясы чоң болду. Совет бийлиги жаңы формациядагы кишилерди түзүүнү, өзгөртүүнү каалаган модернисттик режим болгон. ​ Саламаттык сактоо, билим берүү, инфраструктураны өнүктүрүү жаатында дагы көп иштерди жасады. 1920-1930 жылдары Советтер Союзу казактарды улут деп тааныды. Казак АССРи түптөлүп, мектептерде казак тилинде окутуу башталды. Совет бийлигинин тушунда Казакстанда илимдер академиясы, опера театры жана институттар ачылган.

Амангелди Иманов башында турган Тургайдагы көтөрүлүшкө катышкан казактар, 1916-жыл. Архив сүрөт.
Амангелди Иманов башында турган Тургайдагы көтөрүлүшкө катышкан казактар, 1916-жыл. Архив сүрөт.

Бирок экинчи жагынан алганда “байлар” менен “кулактардын” мүлкү конфискацияланган. Бул байларга гана эмес, жардыларга дагы таасирин тийгизди. Андан кийин казак талааларында коллективдештирүү жүрүп, ал жалпыга белгилүү болгон алааматка алып келди. Ачарчылыктан калктын 40 пайызы кырылган. Падышачылык режим учурунда мындай апаат болгон эмес. Бул Казак ССР Союздун мүчөсү болгонуна карабастан, атайын жасалган иш-аракет болгонунан шек жок. Бул окуялар, айталы, коллективдештирүү нааразылык толкунун пайда кылды. Биздин эмгекте көтөрүлүш айрым аймактарда, айрыкча Торгайда үзгүлтүксүз болгондугу тууралуу айтылат. XIX кылымдын башында бул жер Кенесары көтөрүлүшүнүн борбору болуп турган. 1916-жылы дагы ушул жерде көтөрүлүш болгон. 1930-жылдары Тургай коллективдештирүүгө каршы туруунун ири очогу болду.

Советтер Союзунда улуттук маданияттын, улуттук иденттүүлүктүн белгилүү мейкиндиги болгон. Совет мезгилинде жазылган Ильяс Есенберлиндин романдары азыркы казактардын улуттук иденттүүлүгү үчүн маанилүү экенин баарыбыз билебиз.

Бул маданий эркиндиктин элементи болгон. Бирок дал ушул мезгилде казак тилинин колдонуу кескин азайды. Бул парадокс деп ойлойм. Кунаев башкарып турган жылдарда борбордон Казакстанга каражат тартып, Алматы шаарын жакшырткан. Анын тушунда саясий кызматтарды ээлеген казактардын саны 30дан 60 пайызга чейин өскөн. Бирок ошол эле учурда улуттук тилди колдонуу жагы аксай баштады. Советтер Союзунун дагы бир “мурасы” - экологияга келтирилген зыян. Өзөктүк сыноолор жана Арал деңизинин маселеси кийинки муундарга таасир этет.

“1916-жылдагы көтөрүлүш Казакстанда саясий суроо катары каралбайт” ​

“Азаттык”: 1916-жылдагы көтөрүлүшкө саясий баа берүү жана тарыхый жактан изилдөө иштерине Казакстанга салыштырмалуу Кыргызстан көп көңүл бурат. 100 жылдыкка карата Кыргызстандын өкмөтү бир катар иш-чарларды каржылады. Тургай талаасында көп киши кырылганына карабай Казакстан мындай иш-чараларды өткөрбөйт.

Александр Моррисон: Буга менимче кеминде эки себеп бар деп ойлойм. Көтөрүлүштүн кесепети кыргыздарга өтө оор болду, казактарга салыштырганда кыргыздардан көп киши кырылды. Бул жагдай кыргыздардын өзүн таанып-билүүсүнө, улуттук калыптануусуна күчтүү таасирин тийгизди. Ошол эле казактарда улуттук таанып-билүү мындан эртерек башталган. Экинчиси, бул саясий себеп. Кыргызстандын илим жана маданият чөйрөсүндө эркиндик бар. ​ Казакстандын бийлиги Орусия менен мамилелерди чыңалта турган маселени колдойт деп ойлобойм. Бирок илимий жактан жакшы жумуштар аткарылды деген ойдомун.

“Азаттык”: Бул тема Казакстанда жетиштүү иликтенгенби?

Александр Моррисон: Кызыктуу иштер жасалып жатат го деп ойлойм. Жети-Суудагы көтөрүлүштүн негизги булагы Казакстандын архивдеринде. Мен өзүмдүн кыргыз кесиптештериме Алматыга барып изилдегиле деп көп айтам. Анткени ошол кезде Верный (Алматы) Жети-Суунун борбору болуп турган. Бишкекте документтер аз, ал эми бул жакта Жети-Суунун облустук башкармалыгынын архивдери сакталып турат.

90-жылдары [Манаш] Козыбаев маанилүү эмгегин жарыялаган. Акыркы жылдары кесиптештер Алматынын айрым болуштуктарында эмне болгонун изилдеп жатышат. Изилдей турган маселе дагы көп. Менин көз карашымда, бул жерде регионалдык өнөктөштүк жетишпей турат. Менимче казакстандык тарыхчылар үчүн Кыргызстан менен Өзбекстандагы кесиптештери бул тема боюнча эмне жазып жатканын билип туруу маанилүү деп ойлойм.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG