Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Бороон, карышкыр, сүйүү...


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кысталыш жагдайда кездешкен эки жаштын аянычтуу тагдыры, кычашкансып бороон улуп, аңдыган карышкыр шаштыны алып, жолдон адашкандардын амалы куруйт. Кыргыз аңгемесинин классикасынан Дүйшөкө Дөкөнбаевдин “Карга көмүлгөн из” аңгемесин окуйбуз.

Буюккан бороон

Аңгемеде кыска убакыт ичиндеги бири экинчисине бекем чырмалышкан окуялар сүрөттөлөт. Керелден кечке тоо арасындагы кокту-колотторду этектеген мал сарайларга чөп ташыган Бекжан “ырп” этерге алы жок чарчап келип, апасы даярдаган тамагын да ичпей төшөккө кулаган.

Кызуу уйкунун кучагында жатканда айнек катуу урулду. Түн ортосу ооп уйкуда жаткан эне-бала укту, Бекжан башын көтөрдү, жоош-момун ферма башчысы экен. Апасы нааразы болду, бу башчылар түндөсү да баласын тынч коюшпайт экен го. Ферма башчы келген жөнүн айтты:

" – Тиги, Ичке-Булактагы жылкычы кызын алып келиптир. Толготуп чыдай албай жатат. Биздин догдур кечээ совхоздун борборуна кетти эле, дары-дармек алганы. Үчүнчүгө жеткирбесек боло турган эмес. Тезирээк кийинип, тракторуңду от алдырчы!

Уйку-суроодо баш көтөргөн Бекжандын жүрөгү катуу булкуп алды.

“Гүлшан?! Ичке-Булакта анын атасынан башка жылкычы жок. Ошол!”.

- Ээ, Бекжан! – Кардын кычыраган добушу узай берип ферма башчысы кайрадан үн салды, - эгер чарчап турсаң анда тракторуңду Сатышка бер. Ал бүгүн бош болду, жеткирип келсин”.

Бербей калсын, Гүлшанды ойлоп кантип тынч жата алат. Бир кездеги ашыгы, сүйүшкөн эки жаштын бактысына зоотехник жолтоо болгон. Бекжан аскердик милдетин өтөп келгенде Гүлшанды ала качып кеткенине бир жарым ай болуп калган экен. Ошондон бери көрө элек. Көргөндө эмнени айтышмак, баарысы түшүнүктүү болуп туру го.

Байкуш кыз да, Бекжан да сыгылып, арманын ичке жутуп тим болушту. Бирок анын көңүлүнүн тереңинде Гүлшан кандай болуп калды экен, деген алдамчы суроо турчу. Жыты сиңишип, бири-бирине берилип калган жакын адамыңды унута коюу деле кыйын экен. Көңүл жарасы айыкпай, ичтен түтөп жүргөндө Гүлшанды догдурга жеткирүү керек болуп атпайбы. Атын укканда уйкусу умачтай ачылып, ызылдаган бороонго, көзгө сайса көрүнгүс түнгө карабай жолго камынды. Токтотконуна анча деле көп убакыт өткөн эмес эле, трактору көп кыйнабай оңой от алды. Фермадагы болгон иштин баарын аткарчу, жок дегенди билбеген ушул трактор. Сарайларга жем-чөп ташып, минтип кереги тийип калса ноокастарды жеткирип берет, калың кар жаап, ой-чуңкурду күрткү басып, жол билинбей калганда ушу “казтаман” гана ишке жарайт.

Бекжандын трактору анын үстүнө башкаларына караганда дурус, фермага келгенине жыл айлана элек. Бирок да кыш жакындаганда аны деле бир сыйра көздөн өткөрүп майлап, бурамаларын бекитип, ара жолдо бузулуп калбаштын аракетин кылып келатат. Анткен менен, техникага деле ишенич жок, катуу суукта бузулуп калышы оңой эле. Муз болуп каткан темирди кармап көр. Айла жок, оңдошко туура келет, чарбанын иши Бекжандын трактору бузулуп калыптыр деп күтүп турбайт го. Совхоздун малына жем-чөп, туз, керектүү оокаттарды ташымай менен күн кечирип, эрте кетип, кеч келип жүрү. Кыш бою ушундай. Жууркан-төшөккө аяк-башын ороп Гүлшанды жанына отургузуп жолго чыгышты, бороон ансайын күчөп алды.

Бул жол менен Бекжан канча каттады, ой-чуңкурунун баары тааныш жана чөп тартып келатканда жолдун нугу кичине билинип турган. Азыр трактордун жарыгына эч нерсе көрүнбөй, кар тозоңунан баары бозала болуп, тозоңдун ичине сиңип кетишти. Трактор бир булкунуп алып алдыга жүткүнүп, тизеден өткөн карды тоготпочудай бир калыбында баратат. Бекжан бираз жайлана алдыдан көзүн албай жанындагы жакын адамын эртерээк белгиленген жерине жеткирүүнүн камында. Мындайда өткөн-кеткенди эстешке деле убакыт жок экен, тек трактордун асманга бүркүлгөн түтүнү, кубаттуу мотордун үнү баарын басып, бороонду тоготпой келе беришти. А бирок ой дегениң деле кызык экен, болбой эле өткөнү эсине кылт дей түшөт.

Кабина ичиндеги сезим

Бекжан трактористтер курсун бүтүп келип, совхоздун эски “казтаманын” айдап ушул Ичке-Суунун төрүндөгү үч короо койго туз жеткирип барган. Тузду койлор да, аларды баккан малчылар да чогуу пайдаланышчу. Чаң-кык аралаш ирик туздарды сууга жууп алып тамакка кошуп, малдын тузу деп баары колдонушчу. Гүлшан менен ошондо таанышкан. Кеч күздөгү деле токтобочудай төккөн жамгырга суу болуп, жар түбүндө турган кызды байкабай өтө берген экен, кыйла жүрүп барып токтогон. Үшүп калган кыз кичине жылынгандан кийин Бекжандын суроосуна шаарга баратканын, аты Гүлшаана экенин айткан.

“Ушул учурдан баштап аны белгисиз купуя сезим бийлеп алды: көңүлүндө кыз, көз алдында анын элеси кайда болбосун өзү менен бирге; жуманын аралыгы жылга узарып, сагынычы артып кусадар, самаганы ага жолугуу, сүйлөшүү, аны менен бирге болуу... Канча түндөр уйкусуз өттү, көзү чырмалса канча ирет түшүндө көрбөдү. Алтынчы күнү фермадан уурданып чыгып, майда колоттордун бирине прицебин катып таштап, канча жолу кызды тосуп чыкпады”.

Шаардан кайтчу тоолук бийкеч да Бекжанды эңсеп келет, экөөнүн сөзү түгөнбөйт, бирин-бири эркелетип, булардын сезимине асманын булут чалган тоолор, кеч күздө үңүрөйгөн капчыгай-боорлор, бийик чокуларды басып калган мөңгүлөр күбө болушчу. Табияттын суз кейпи менен экөөнүн иши не, ортолук жылуу сезим өрөпкүтүп, трактордун тар отургучу кенен сезилип, сөздөрү түгөнбөйт.

Тоолор суук кышты күтүп жаткан. Эртели-кеч муздак ызгаар согуп, бак-дарактар ичиркенип, кар эми жаап ийчүдөй теребел үңүрөйүп турчу. Ошондой жолугушуулардан аз өтпөй Бекжан аскерге чакырылды. Ага эки жылдын өтүшү тозок болуп, акыры эңсеген эркиндигине жетип айылына келсе, Гүлшанды совхоздун зоотехниги ала качып кетиптир.

Капыс жаңылыкка нес болуп, ээн журтта калган күчүктөй эмне кыларын билбей, арманы ичине батпай катуу эсеңгиреди. Гүлшанды зордоп ала качып кеткенин угуп артынан барбады. Барганда эмне кылмак?! Бекжандын арманы ичтен түтөп жүргөндө Гүлшандын күйөөсүнө таарынып атасыныкына келип калганын кулагы чалган. Эми минтип өң-алеттен кеткен байкушту төрөтканага алып баратат. Тагдырдын тамашасы деген ушул окшойт, экөө жолго чыккандан бери сүйлөшө элек. Гүлшандыкы го белгилүү, кара жаны менен алек, Бекжан аны алаксытыш үчүн деле сүйлөп турса болор беле?!

Бороондогу адашуу

Бекжанды камалаган ойлордон Гүлшандын “А-ай!..” деген бакырыгы чочутуп, кантип тормозду бекем басып алганын билбей калды. Буюккан бороон арасынан жол табалбай келаткан Бекжан эмне кыларын билбей алдастай түштү. Карабайсыңбы бороондун басылгандын ордуна күчөп алганын.

“Жоон санга жете жаздаган калың карды буркуратып жиреп бараткан трактор тык токтоду. Жол тоо капталынан ачаланып, өрөөн тарапка бурулуп калган. Келин чалкалап буттарын иретсиз сунуп жиберип, колдорун тарбаңдатып асмандан бир нерселерди издеген болот. Тар кабинанын ичинде бүткүл тулкусу менен буралып, жанын коёрго жер таппай улам бир капталына толгонот. Кара терге түшүп, бир паста өң алаттан кетип, аба жетпей жаткансып улам күчөп энтигет. Бекжан ылдамдыктын рычагын нейтралдаштырууга зорго үлгүрүп, газды азайтты. Толгоо келгенин ал алгач түшүнгөн жок, жан алакетке түшүп кыйналып жаткан келинди саамга карап калды.

Анын көз алдына тал чыбыктай буралып, кыраңда өскөн тоо гүлүндөй жадыраган кыздын сүйүктүү элеси тартылды. Жигит ушул элес менен гана жашап, мезгилинде аны менен кубанычын да, кайгысын да тең бөлүштүрчү, көңүл өрөпкүткөн кусалык эркин бийлеп, кыз менен жолугуучу, аны менен бирге болуучу күндү самап, кыйла убакыт сары убайымга батып, сагынычы артып жүргөн. Аны эстегенде караңгы түнү жаркыраган күнгө айланчу, ага туш келген өз тагдырына чексиз ыраазы эле. Эң бактылуу адам Бекжан болчу, анда. Мына эми ага кайрадан кездешип отурат”.

Гүлшандын толгоосу кыйнап, жанын коёрго жер таба албай чабалактаганы бираз басылганда Бекжан анын чачын сылап, атынан чакырды. Көптө барып көзүн ачкан кыз аны жаңы көрүп аткансып бир карап алып: “мени күнөөлөбө, ансыз да бактысызмын” дегенди айтууга гана жарады.

Кирпиктеринин арасынан чыккан жаш жүзү ылдый кулады. Башка сөз айтууга жарабады. Азаптын баары андан кийин башталды, жолунан адашканы аз келгенсип, трактору бузулуп экөө бороонго чулганган ай талаада калышты. Булар токтогон жерден анча алыс эмес ферма болушу керек эле. Ошол жерге чейин Гүлшанды калың төшөктөргө ороп, арканга байлап сүйрөп жеткирмекчи болду. Башында кар үстүндө адамды сүйрөп жеткириш анчалык деле оордой сезилбеди эле, бороон күчөгөнү алы куруп, кадамы жайлады. Фермага жакындаса иттер үрүп чыгышы мүмкүн, анан адмдар чыгып калар. Жолунан адашып кеткенби, негедир ферма да, ага алып барчу зым карагайды да таба албай айласы кетти.

“Түзү да түз, ою да түз мелтиреген калың карга көмүлүп жаткан өрөөндөн ушул көрдөй караңгы түн, алаамат түшкөн алай-дүлөйдө аны табуу жөн гана куру кыял болучу. Аргасы түгөнгөн Бекжан айланага кулак түрөт. Жолду бойлоп телефондун линиясы кете турган. Ал жолдон бир аз төмөн. Өрөөндү кесип жол менен жарышып кыйла жерге чейин барып, уйканага жете бербей жолду аттап фермага кирип кетет. Зым карагайды табуу, демек, жолду табуу, алардын биринен сала бирин эсептеп отуруп эч адашпастан гана ферманын өзүнө жетүүгө болот. Эмне үчүн баятан эсине келбеди экен? Карга көмүлгөн жол нугуна караганда зым карагайларды издөө алда канча жеңил эмеспи. Алиден бери кооптонгон көңүлүн жылт эткен шаттык бийлеп, чарчап-чаалыкканын сезбей баш көтөрүп тынымга дымып турду”.

Канча каттаган жолунан бороондуу түндө чындап адашкан экен, антпесе зым карагайды табат эле го. Айласы куруп турганда артынан аңдып калган карышкырдын шоңшойгон караанын көрүп, денесин муздак тер басып, ушул эле жетпей жаткандай, болгон ачуусун экөөнү аңдып калган карышкырдан чыгармак болду.

Гүлшан чабалактап, төшөктөн бошоно албай жатыптыр. Карышкырдын андан алыстабай жакындап келатышынан улам ферма менен зым карагайдан кыйла алыстап кеткенин, адамдардан ыраакта калганын сезип, минтип кол салчудай келаткан кашабаңды кармап алып тытмалап салууну ойлоп, аргасы куруганда келе калган ачуусун жырткычтан чыгармай болду.

Бекжанга эми баары бир эле, кычаганда кыстап кирип келген карышкырды басып жыгылып, колун кол, санын сан кылып тытып жибергиси келди. Баарына ушул күнөөлүүдөй, жөн кетип калбай, артынан андып келген карышкырды жара тартса бороон басылып, Гүлшаны боюнан бошоп, издеген фермага жете барчудай денесине күч-кубаты топтолуп, жанкечтилигине салды.

Гүлшан жаткан төшөктөн сууруп алган аркандын жиби карышкырга тийбей, коркунучту сезген айбан артка секирди. Кыйды жырткыч аңдыган адамы оңой эместигин сезип, алысыраак барып отуруп калды. Ага көңүл бурбай, Бекжан Гүлшандын жанына келип, аны отургузууга аракет кылды. Кыздын колдору муздап баратыптыр. Колтугунан көтөрө бергенде анын алсыз шыбырын укту: “- Беки...Мен ыраазымын сага... Мени кечир... Баланы... балам...” деп барып моюну шылк эте денеси жайылып тынчып калды. Оролгон төшөк арасынан дүйнөгө жаңы келген адамдын ыңаалаган үнү буюккан бороонго аралашып, не кыларын билбей деңдароо турган Бекжанды бош турбай аракет кылууга үндөп, бири кетсе экинчиси келген жашоонун айныксыз мыйзамына баш ийдирип, бороон, буларды аңдыган карышкыр, бузулуп жолдо калган тарктор – баарын унуттуруп бир кызык сезимге туш келтирди.

Ушундай баян, Бекжан үчүн ойго келбес окуя. Канчадан бери көрө элек сүйгөнүнөн ажырап, андан калган наристесин бооруна кысып, деле түгөнбөчүдөй удургуган бороондо, айталаада, караңгы түн кучагында, бирин узатып, экинчисин тосуп алып, тирүүнү аңдыган жырткычты деле эстебей, баласы жарык дүйнөгө келиши үчүн апасы жанын бергенине таң калып, ага же ыйлай албай, же сүйүнө албай, караңгы түн кучагында тирүүдөн наристе, карышкыр - үчөө турушту.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG